«Электрондук нотариус» ишке кирди

Окуялар тизмеги 08 Ноя 2019 12:03
0 ой-пикир

Өкмөт нотариустардын бирдиктүү реестрин түзүү, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталганын маалымдады. Ал «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» трансформациялоо концепциясынын алкагында ишке ашырылууда. Ал үчүн Юстиция министрлигине 7,3 млн. сом бөлүнгөн. Долбоор 20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде иштеди.

«Бул система иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган»,— деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

2019-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.