Коррупцияга каршы «Таза Кол» фонду түзүлдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 06 Ноя 2019 09:51
0 ой-пикир

Коомдук ишмер жана энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев коррупцияга каршы «Таза Кол» аттуу фонд түздү. Ал тууралуу 5-ноябрда Бишкекте басма сөз жыйынын куруп, коомчулукка маалымдады.

Анын айтымында, фонд аркылуу мамлекеттин жемкорлукка каршы күрөшүнө жардамдашууну көздөп жатканын айтты. Фондду өзү башкарат. Байкоочу кеңеште Базарбай Мамбетов, Калыгул Бейшекеев жана Илич Боронбаев болушат.

Умбеталиевдин айтымында, фондду азыр эч ким каржылай элек. Уюштуруучулар эл аралык уюмдардан көмөк алууга, гранттарга жана демөөрчүлөргө үмүт артышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.