Мирзиёевдин кызынын туулган күнүн Улуттук маалымат агенттиги башкы жаңылык катары жазып чыкты

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2019 16:20
0 ой-пикир

Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги (УзА) 4-ноябрда президент Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саиданын туулган күнүн башкы жаңылык кылып жазды. «Туулган күн» деген аталыштагы жаңылыкта Саида Мирзиёеванын өмүр жолу тууралуу да маалымат камтылган жана бул жаңылык бир күн бою агенттиктин орусча баракчасында күндүн башкы окуясы катары турган.

Андагы маалыматка ылайык, өзбек президентинин улуу кызы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия унинверситетинде, Юридикалык университетте окуган. Ал атасы президент болгонго чейин кайсы бир мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеп-иштебегени тууралуу маалымат жок.

Саида Мирзиёева быйыл жыл башында президенттин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинде жетекчинин орун басары болуп дайындалган. Бул агенттик өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын тескеп, көзөмөлдөйт.

Эске сала кетсек, Шавкат Мирзиёевдин эки кыз, бир уулу бар.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов бийликте турганда кыздарын дипломатиялык кызматтарга дайындаган жана дипломаттардын кол тийбестик макамын берген. Ушул тушта абакта жаткан тун кызы Гүлнара Каримова убагында таасирлүү болгон, бирок анын туулган күнү башкы жаңылык катары жазылган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.