ВИДЕО: Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Ноя 2019 10:40
0 ой-пикир

Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында 11:7 эсеби менен жеңилип калды.

Дүйнөлүк биринчилик Будапештте (Венгрия) өтүп жатат. Күмүш медаль алган Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында кармашкан. Ал финалда алтын үчүн армениялык Армен Меликян менен беттешти. Бирок, оомат Меликян тарапта болду.

Жарым финалда Шаршенбеков украиналык Жора Абовянды 8:0 эсеби менен жеңип алган.

Эске сала кетсек, Жоламан Шаршенбеков -грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.