Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКнын башчылары чек ара коопсуздугун талкуулашты

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Ноя 2019 12:29
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана Чек ара кызматынын жетекчилери Исфара шаарында жолугушту. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки делегацияны кыргыз тараптан УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов жетектеген.

«Жолугушуунун орчундуу темасы эки мамлекеттин чек арага жакын жайгашкан райондорунун коопсуздугун камсыздоо болду. Ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө мекемелер аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды. Бул багытта эки тарап биргеликте иш алып барып, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, мамлекеттик чек араны аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алгылыктуу иш-аракети үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө жардам берүү чечими кабыл алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.