Сооронбай Жээнбеков: Кой-Таштагы окуяга баа бере албайм

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Ноя 2019 11:47
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбековмурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди кармоого, Кой-Таштагы окуяларга баа бере албай турганын айтты.

Жээнбеков 2-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолуккан учурда ушул өңүттөгү суроого мындай жооп берди:

-Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап кетүүгө мен буйрук берген эмесмин. Ал тергөөгө күбө катары келип, сурак бериши керек эле. Өзүңөр билгендей, тергөөчүлөрдүн бир нече жолку чакыруусуна жооп бербеди. Мыйзамга баш ийген жок.

Анан тергөөчү күч менен алып келүү чечимине келиптир.
Кой-Таш боюнча комиссия иштеп жатат. Мен азыр ал окуяга баа бербейм. Баа бере турган парламент, комиссия, сот бар. Ошолор чечим чыгарат. Алдын-ала эч нерсе айта албайм.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.