Кыргыз Премьер-Лигасы: «Дордой» — чемпион!

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Ноя 2019 19:01
0 ой-пикир

2-ноябрда Кыргыз Премьер-Лигасында 27-турдук оюндар болуп өттү. Анда Бишкектин «Дордой» клубу Канттын «Абдыш-Атасы» менен ойноп 5:0 эсебинде утуп алды. Жыйынтыгында «Дордой» клубу мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

Ошентип борбор калаанын клубу быйылкы чемпионатта 63 упай топтоп биринчи орунду ээледи. Экинчи орунда — «Алай» командасы (59), үчүнчүдө — «Алга» (44).

Чемпионаттын аяктарына бир күн калды.Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын клубу улуттук чемпионатта 11 жолу жеңүүчү деп аталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.