Комплекстүү транспорт схемасын иштеп чыгуу башталды, — Бишкек мэриясы

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Ноя 2019 12:16
0 ой-пикир

Баш калаада коомдук транспорттун кыймылын жөнгө салуу жана тармактын натыйжалуу болушу боюнча иштердни жүргүзүлуп жаткандыгын, мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Мааламатка ылайык, буга чейин шаар бийлиги Москва шаарынын “Автомобилдик транспорт боюнча илимий-изилдөө институтуна” кызматташуу боюнча кайрылган.  

Вице-мэр А.Алымкулов бул суроо боюнча атайын Бишкекке учуп келген илимий –изилдөө институттун  илимий секретары Канатбек  Ибраев менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда Бишкек шаарынын транспорттук комплексин өнүктүрүү жана стратегиясын иштеп чыгуу боюнча суроолор талкууланды. Мындан тышкары, жол кыймылын уюштуруу боюнча комплекстүү схемаларды иштеп чыгуу жана транспортту автоматтык система аркылуу башкаруу маселелери көтөрүлдү.

Мэрия москвалыктар менен биргеликте каттамдык түйүндүн ылайыктуу жана ыңгайлуу конфигурациясын, транспорт кыймылынын графиктерин жана коомдук транспорттогу кызматтардын сапат стандарттарын ишеп чыгууна пландаштырууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.