Президент Ататүрк паркынан алган жери тууралуу айтып берди

Окуялар тизмеги, Өлкө 02 Ноя 2019 19:03
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда өлкөдөгү Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары катышкандыгы белгилүү болду. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү.

Ыңгайсыз суроолордун бири болгон Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан президент кандайча жер тилкесин алып калганын түшүндүрүп берди.

Жер мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда (2003-жылы) парламенттин депутаттарына берилгенин айтты.

-Ал кезде мен Жогорку Кеңештин депутаты болчумун. Дарак өспөгөн, асфальт жер болчу, үй салган эмесмин. Ал кезде үч бөлмөлүү батирим бар эле. 2007-жылы оппозицияга кеткенимде бирөөгө берилип, ал башкаларга сатып, үй салыныптыр. Деги ал жердин маселеси талаштуу болчу. Мен ал жакка үй салуу ниетим болгон эмес. Жерге үй салып жаткан адам менен сүйлөшүп, символикалык түрдө компенсация алгам. Бул боюнча документтердин баары юристте, толук информация бергенге даяр,- деди мамлекет башчысы.

Эске сала кетсек, Kloop-Интернет басылмасы жакында Бишкектеги Ататүрк сейил багынын аймагынан мамлекеттин мурдагы жана кийинки жетекчилери, өкмөт башчылары, министрлер жана депутаттар кантип жер тилкелерин алышканы тууралуу иликтөө чыгарган. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун да аты аталган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.