Сооронбай Жээнбеков: Менин кеңешчилерим жок, чечимди өзүм кабыл алам

Окуялар тизмеги 02 Ноя 2019 17:33
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрь күнү, Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чара 7-ноябрда белгиленчү Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп, «суроо-жооп» форматында өттү. Жолугушууда «Апрель» телеканалын жабылышы жөнүндө суроо берилди.

«Апрель» каналын мен жапкансышат. Мен аны жапкан жокмун», — деди  

Сооронбай Жээнбеков телеканал көрсөтүүлөрүндө үй-бүлөгө чейин киришип кеткенине арызданды. 

«Алар үй-бүлөгө тийишип баштабадыбы. Бирок каналды мен жапкан жокмун», — деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Мамлекет башчы ошондой эле өлкөдө оппозиция керек экенин билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстанда күчтүү оппозиция жана күчтүү жарандык коом бар. 

«Эч жерде мындай жок. Бизде ЖМКлар күчтүү. Жазышат, сындашат, иликтөө жүргүзүшөт. Бул мен үчүн чоң жардам. Мен көбүн окуйм. Баарын окуп чыгууга убакыт табам. Ишенгиле, сен силердин бардык иликтөөлөрүңөрдү окуйм. Анан чара көрөм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал кээ бирөөлөр аны опузалоого аракет кылышаарын мойнуна алды. 

«Андан пайда жок. Мен ачыкмын. Менин үй-бүлөм ачык. Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Мен эркин адаммын»

Ал эгер аппаратындагы кызматкерлер кайсы бир маселени чечүүдө аралашканы тууралуу фактылар болсо, аларды жазалоого даяр экенин билдирди. 

«Мага эч ким кеңеш бере албайт. Менин кеңешчилерим да жок. Мен чечимди өзүм кабыл алам. Албетте, маектешимди угам. Бирок чечимди өзүм чыгарам», — деди президент.

Ал бардык чечимдери үчүн өзү жооп бере турганын кошумчалады. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.