«Республика — Ата Журт» партиясы съезд өткөрөт. Бабанов лидерликтен кетеби?

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Ноя 2019 15:05
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги саны жагынан экинчи орунда турган «Республика — Ата Журт» партиясы жакын арада съезд өткөрүүнү пландап жатат. Азырынча так датасы белгисиз. Мындай маалыматты 24.kg сайты саясий биримдиктин өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Съездде партиянын лидери Өмүрбек Бабанов жетекчиликти тапшырып бере тургандыгы, анын ордуна парламенттин депутаты Мирлан Жээнчороев келери айтылып жатат. Бирок эл өкүлү бул маалыматты четке каккан.

Ошондой эле, «Республика» партиясы “Ата-Журт» партиясынан бөлүнүп, 2020-жылкы парламенттик шайлоого өз алдынча аттанаары аныкталат.

Эске сала кетсек, буга чейин «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Республика» партиясы менен кызматташтык майнап бербегенин маалымдаган.

— Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз. Биз шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Биз 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшкөн жокмун, көптөн бери көрө да элекмин. Ал шайлоого катышабы же жокпу, билбейм. «Республика» менен кызматташуу эч кандай жемишин берген жок. Партия лидери катары мен парламентке өтпөй калдым. Бул жыйынтыкты мен нөлгө теңейт элем, — деди Ташиев.

Юридикалык жактан алганда Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрага болгон «Республика – Ата Журт» жашап жатат. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Республика» жана «Ата Журт» партияларын такыр башка адамдар негиздеген. Ортодон пайда болгон «Республика — Ата Журт» биротоло жоюлабы же жокпу, азырынча белгисиз.​

2014-жылы бириккен «Республика» жана «Ата Журт» партиялары парламенттик 2015-жылкы шайлоонун жыйынтыгында экинчи орунга чыккан. Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 28 депутаттык мандаты бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.