Күндүн сүрөтү: Хэллоуин майрамы — Бишкекте

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Ноя 2019 10:49
0 ой-пикир

31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү Хэллоуин белгиленди. Хэллоуин негизинен америкалыктардын майрамы деп саналса да, аны белгилегендердин саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Бишкек шаарында майрамга карата өзгөчө даярдыктар көрүлдү.

Соцтармактарда Бишкек шаарындагы «Adriano» кафеси Хеллоуин майрамына карата болгон жасалгоолосу кызуу талкууга түштү. Аталган мекеме кесилген ашкабактар менен гана кооздоп чектелбестен, жипке асынып турган баланын манекенин дагы илип коюшкан.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул көрүнүштү өтө эле жагымсыз жорук деп эсептешип, батыштын туура эмес кадамдары кыргыздын жан дүйнөсүнө сиңип кирип, жаштардын аң-сезимин өлтүрүүдө деп эсептешет. Бул майрамды улуттук каада-салтка, диний түшүнүктөргө туура келбейт деген пикирлер бар.

Белгилей кетсек, америкалык дарыгерлер Хеллоуинди балдардын ден-соолугуна эң коркунуч алып келген майрамдардын бири экенин билдиришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.