Элдин бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталат, — Жээнбековдун куттуктоосу

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Ноя 2019 12:01
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Буга байланыштуу салтанат бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Өлкө башчысы тартип кызматчыларын кесиптик майрамы менен куттуктап, кыргыз милициясы бүгүн да элге ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен кызмат өтөп жаткандыгын айтты.

Анын айтуусунда, коомдун тынчтыгы, өмүрүнүн сактыгы, мүлкүнүн корголушу үчүн — жарандар милиция кызматкерлерине ишеним артат.

«Бул абдан олуттуу, жоопкерчиликтүү жана ардактуу иш. Өзүнүн дээрлик бир кылымга созулган узак жолунда милиция бул ишти ар намыс менен аткарып келди, элдин ишенимин актады», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Президент кошумчалагандай, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана жалпы курамы жакшы иштерди жасады.

«Атап айтканда, Ички иштер органдары элге кызмат көрсөтүү борборун «Бирдиктүү терезе» режиминде уюштурду. Бир жыл мурда Бишкек шаарында алгач башталган ишти улап, жарым жыл ичинде мындай борборлор бардык региондордо ачылды. Муну менен жарандардын жана кызматкерлердин ортосундагы түз байланыштар чектелип, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлууда. Бир нече жылдар бою жарандардын жолдогу коопсуздугу камсыз кылынбай келген.

Жол кырсыктарынын кесепетинен болгон өлүмдөрдүн саны жогору бойдон калган. Биз бул жылы абалды олуттуу өзгөртүүгө жетиштик. »Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү менен, видео байкоо системалары орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны дээрлик 50 пайызга азайды», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.