Бишкек шаардык милициясынын «Командалык борбору» президенттин катышуусунда ачылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 31 Окт 2019 12:52
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын санариптешкен «Командалык борборунун» ачылышына катышты.

«Бул борборго ыкчам маалыматтар түшүп турат. Укук коргоо органдары окуя болгон жерлерине дароо барып, кылмыштын бетин ача алат», — деди Жээнбеков.

Президент билдиргендей, бул борбордун ачылышына өкмөт каражат бөлүп берген.

«Бирок 5 млн долларлык техникалык жана программалык базаны кытайлык компания берди. Ал үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деди өлкө башчысы.

«Командалык борбор» Коопсуз шаардын камералары жана адамдын жүзүн тааный турган видеокамер менен байланышта болуп, милицияга маалымат берүүдө көмөк көрсөтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.