ВИДЕО: Канатбек Исаев Ширин Айтматованы сотко берет

Видео, Окуялар тизмеги 28 Окт 2019 17:43
0 ой-пикир

Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананын ордуна сауна салайын деген оюу бар болчу. Бул тууралуу Ширин Айтматова жар салган. Эми Исаев экс-депутатты сотко бере тургандыгын Twitter баракчасына жазып чыкты.

«Канат Исаев өзүнүн тааныштары аркылуу мени сотко бере тургандыгын айттырды!» — дейт аталган баракчада Айтматова.

Кйиинчерээк ал мындай деп кошумчалады:

«Канат Исаев биздин соттордун коррупциялашып кеткенине үмүт артып жатса керек. Ал мени Сабирой Турусбекова менен болгон окуядай эле кутулуп кетем деп жатса керек» деген пикирин калтырган.

Бул окуя Сабира Турусбекова менен байланышкан. Ширин Айтматова Сабира Турусбекова тууралуу өзүнүн YouTube баракчасына бул жагдай боюнча ой-пикирин билдирген. Турусбекова китепкананы барктап, сактап калгандыгы үчүн ага сыйлык берүү үчүн издешкен. Бирок эки элдин тарыхый баалуулуктарын сактап калган адам мындан эки жыл мурда көзү өткөнү белгилүү болгон.

Токмок шаарынын китепканасы Кыргызстандагы алгачкы китепкана болуп саналат. Аны 1912-жылы орустар негиздеген. Анда 36 миң китеп бар болчу. Бул китептерди окуп, көптөгөн чыгаан адамдар өсүп чыккан. 2008-жылдын 13-мартында аталган китепкана социалдык инфраструктуралардын катарынан чыгып калган. Тиешелүү токтомго шаардык кеңештин башчысы Калыбек Качкыналиев кол койгон. Анын көлөмү 550 чарчы метр.

Ал эми 2010-жылдын 9-апрелинде мурунку мэр Канат Исаев китепкананы Ж.Кенжекараевге 572 миң 116 сомго саткан. Ал убакта доллардын курсу (1 доллар = 44,94 сом) болчу, Айтматова белгилегендей, бир чарчы жерди алар 23 долларга баалашкан.

Ошол учурда мэриянын маданият бөлүмүнүн башчысы Сабира Турусбекова чыныгы сатып алуучу шаардык кеңештин депутаты Роза Машалаева экенин белгилеп, ал эми Кенжекараев –анын кол алдында иштеген чарба кызматкери болгон. Анын айтымында, депутат Канат Исаев китепкананын ордуна сауна же болбосо мейманкана салайын деген болчу.

«Турусбекованын айтымында ал учурда баары коркчу, прокуратурага арыз менен кайрылсам, жыйынтык чыккан жок», — деп билдирет өзүнүн виеосунда Ширин Айтматова.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.