«Для галочки» үчүнбү? ЖК өкмөттүн кышка болгон даярдыгын угат

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Окт 2019 19:07
0 ой-пикир

Келе жаткан жумада Жогорку Кеңеш кыш мезгилине карата даярдык боюнча өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган маселе 30-октябрда каралат.

«2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынат.

Мындан тышкары, жыйында 3 маселе талкууланмакчы. «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору, “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору каралат.

Эске сала кетсек, 24-октябрда депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин жыйынында кыш айынын босогодо турганын эске салып, бүгүнкү күнгө чейин парламент өкмөттүн кышка даярдыгын карай электигин сындаган.

Эл өкүлүнүн пикири боюнча, кыш катуу болгон аймактарга аткаминерлер бир да жолу басып барган эмес. Өкмөт мүчөлөрү суук күндөрү алыскы айылдарга барбай турганын, барса дагы жылуу имараттын ичинде чогулган активдердин сөзүн угуп кайра Бишкекке кайтарын сынга алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.