Жээнбеков транспорт жана жол тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Окуялар тизмеги, Өлкө 26 Окт 2019 12:13
0 ой-пикир

Эртең октябрь айынын акыркы күнүндө Кыргызстанда транспорт жана жол тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы белгиленет.

Сооронбай Жээнбеков бул тармакта иштеп жаткан кызмаркерлерди майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун толук жарыялайбыз.

«Урматтуу транспорт жана жол тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Автомобиль жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Жол жана транспорт — өлкөбүздүн экономикасында жана коомдук турмушунда өтө маанилүү ролду ойнойт. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздер менен жыл сайын жаңы жолдор, көпүрөлөр салынып, транзиттик маршруттар ачылып, транспорттук туңгуюктан чыгуу көйгөйү акырындап чечилип жатат.

Аба ырайынын татаал шарттарында да жүргүнчүлөргө сапаттуу жана коопсуз кызмат көрсөтүүнү, экономикага зарыл жүктөрдү ташууну камсыз кылып келесиздер.

Алдыда дагы көп иштер, анын ичинде ири долбоорлорду ишке ашырууга арналган милдеттер күтүп турат.

Күн сайын өсүп жаткан трафиктин шартында жолдордун ресурсун жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган жаңы технологияларды киргизүү зарыл.

Сиздер бул милдеттерди татыктуу ишке ашырасыздар деп ишенем!

Урматтуу автомобиль транспортунун, жол чарбасынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Дагы бир жолу сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Сиздерге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайм».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.