ВИДЕО: Самара Каримованын Кремлдеги концерти аншлаг менен өттү

Видео, Окуялар тизмеги 24 Окт 2019 11:18
0 ой-пикир

«От сердца к Азии Миру» деген аталыштагы ырчыбыз Самара Каримованын Орусиянын Кремлдеги берген концерти ийгиликтүү жана аншлаг менен өттү. Буга чейин Самара Каримова Кыргызстанда эле таанылып жүрсө, эми орусиялыктар да анын чыгармачылыгы менен жакындан таанышты. Концертке барып катышкандардын айтымында, концерттик зал 6 миң орундуу жана Каримованын концертине дээрлик баардык орундар толгон. Ырчыны кубаттап, ырларын угуп чер жазуу үчүн бир гана Москва эмес, Россиянын башка аймактарынан да көрүүчүлөр да барып, көңүл ачышкан. Айрыкча мигрант мекендештерибиз көп барышкан. Концертти симфониялык оркестр менен INGRID аттуу атактуу ырчы коштоду.

Кремлдин концерттик зали Никита Хрущевдун мезгилинде 1961-жылы курулган. Ал 6 миң орунга эсептелген жана 3 залы бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.