«Чыпалак баатыр» депутат болууга ниети бар

Окуялар тизмеги 24 Окт 2019 12:14
0 ой-пикир

Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов келерки парламенттик шайлоого катышканга даярданып жатканын ММКларга билдирди.

«Карапайым эл өзү колдоп, шайлоого бар деп жатышат. Мен дагы алардын колдоосу менен мекен үчүн күйгөн, жүрөгү кыргыз деп соккон адамдарды чогултуп, партия түптөп, шайлоого катышууну чечтим. Партияны өзүм жетектейм. Партияга кишилер чогулгандан кийин анын атын коюп, программасын иштеп чыгабыз. Андан соң эл алдына чыгабыз. Азырынча жүрөктө жалыны бар, эл үчүн күйгөн адамдарды партияга чакырам», — деп билдирди Аликенов.

Айта кетсек, буга чейин парламенттик шайлоого катыша тургандыгын ырчы Кайрат Кыргыз да билдирген. Бирок ырчы кайсы партияга мүчө экенин айткан эмес.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.