Жээнбеков Синдзо Абэ менен алгачкы жолу жолугушту

Окуялар тизмеги 23 Окт 2019 16:22
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрь күнү Токио шаарында Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланган.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон алгачкы жолугушуусуна жана анын Японияга сапар менен келгенине кубанычта экенин белгилеген.

Ал Япония жана Кыргызстан адамдын укуктарын коргоо боюнча жалпы баалуулуктарды карманып, парламенттик демократиянын өнүктүрүү жолун тандаганын айтты.

Синдзо Абэ көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинде жогорку технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков япон элин Нарухито императорунун такка отурушу менен куттуктап, Кыргызстан Япония менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген.

Ошондой эле президент, Япониянын премьер-министрине Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы ири потенциалы тууралуу айтып берген.

«Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында жакынкы убакта Японияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз», — деди ал.

Ал Кыргызстан ВСП+ макамына ээ болуп, ЕАЭБдин мүчөсү катары экспорттук потенциалга ээ экенин, ички инфраструктураны жакшыртууга, өзгөчө фитосанитардык лабораторияларды курууга муктаждыгы бар болгонун сөз кылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

«Мен сиздердин өлкөңүзгө барууга кубанычта болом», — деп белгилеп, Синдзо Абэ Жээнбековду дагы Японияга сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.