Экс-президенттин кол тийбестиги. Жаңы мыйзам артка иштейт же иштебейт?

Окуялар тизмеги, Өлкө 23 Окт 2019 15:23
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени карай баштады.

Жыйындын иши доогер жана жоопкер тарап Конституциялык палатанын аракеттеги жана мурдагы төрагаларына ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен башталды.

Сотто алгач доогер Нурбек Токтакунов жыйынга төрагалык кылуучу, Палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирди.

«Карыбек Дүйшеев президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеген. Бул жерде жеке кызыкчылыктар бар деп эсептейм. Ошондой эле башка жагдайлар анын бейтарап болушуна таасир этиши мүмкүн», -деди Атамбаевдин жактоочусу.

Соттук коллегия биринчи өтүнүчтү караш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип, натыйжада Нурбек Токтакуновдун өтүнүчү четке кагылды.

Жоопкер тарап (Жогорку Кеңеш) Конституциялык палатанын судьясы Эркинбек Мамыровго ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн берди.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясына Мамыров жыл башында баа берип, тийиштүү регламентти бузуп, ал үчүн Соттор кеңешинен эскертүү алган», — деди Жогорку Кеңеш аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Бердимуратов.

Соттук коллегия экинчи өтүнүчтү караш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип, натыйжада өтүнүч канаттандырылды.

Конституциялык палатанын аракеттеги жана мурдагы төрагалары Эркинбек Мамыров менен Карыбек Дуйшеев (солдон оңго)

Соттук коллегиянын чечимине ылайык Эркинбек Мамыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун караган соттук коллегиянын курамынан чыгарылды.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан.

Азыркы убакта мурунку президентке бир нече оор кылмыштар боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагында кармалып жатат.

Атамбаевдин тарапташтары мурунку президентке «экс-президент» макамы 2017-жылы эле берилгенин жүйөө кармап, жаңы мыйзам артка иштебейт деп Конституциялык палатага кайрылган.

Ошол эле учурда, Конституциялык Палата карап жаткан маселе көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Айрым укук коргоочулар Конституциялык чечим экс-президенттин эле эмес, өлкөнүн тагдырын аныктарын айтып жатышат.

Анткени, талашка түшкөн мыйзамдын укук ченемдерин Конституциялык Палата өткөн чакка карата да колдонсо болот деген чечим чыгарса, аракеттеги президент кол тийбестик жок экенин түшүнөт. Ал бийлигин жоготор замат, анын саясий оппонеттери ошол эле замат андан өч алганга өтушү, куугунтукка алышы, кылмыш жоопкерчиликке тартылышы да мүмкүн.

Экинчи жагынан, мыйзам туруксуз болуп жаткан учурда, президенттик кол тийбестиктен көрө, эң эле туура иммунитети — бийликти колдо кармап калуу деген ой да жаралышы мүмкүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.