Башталгыч класстарда ысык тамак берүү мыйзамдаштырылат

Окуялар тизмеги, Өлкө 23 Окт 2019 13:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга (1-4) ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, иш жүзүндө ашырылып жаткан 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамак берүү мыйзам түрүндө бекитилген эмес.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде (60%) башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар ысык тамак даярдоого керектелген айыл чарба өнүмдөрүнүн сапаты ким тарабынан көзөмөлдөнөөрүн такташты. Ошондой эле эл өкүлдөрү, айрыкча, дотацияда отурган айыл өкмөттөрүндө ысык тамак берүүдө ашканалардын талапка жооп бербеген абалда тургандыгын айтып, Билим берүү министрлигине ушул багытта иш алпарууга талап коюшту.

Ысык тамак даярдоодо керектелүүчү азык-түлүктөрдү өндүрүү үчүн айыл өкмөттөрдөн жер тилкесинин суралышы бир катар кайчы пикирлерди жаратты.

Жыйынтыгында, мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.