Кечээ, 18-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1994-ж.т. А.Д. аттуу жаран кармалган. Бул тууралуу Жалал-Абад ООИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, бул 25 жаштагы жаран 2014-жылы кыш айларында Туркия мамлекети аркылуу Сирия мамлекетиндеги болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга чыгып кеткен. Учурда Кыргызстанга кайтып келип, Жалал-Абад шаарынын аймагында убактылуу жашынып жүргөн.
Ага чейин Жалал-Абад ОИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын терроризм багыты боюнча каттоосунда турган.
Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБдө катталып, караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүлүп берилди.