Кыргызстанда дээрлик бир жарым миллион адам жакыр жашайт

Өлкө, Статьялар 19 Окт 2019 20:14
0 ой-пикир

Экономика боюнча Нобель сыйлыгы быйыл жакырчылыкты жоюуда каражатты туура жакка салууну сунуштаган изилдөөгө берилгени жалпыга маалым болду. Ал тапта алты миллиондон ашык калкы бар Кыргызстанда бир жарым миллионго чукул киши жакырчылыкта жашап жаткандыгын Би-Би-Си Кыргыз кызматынын сайты жазып чыкты.

Жакырчылык деген эмне?

Бул бир адамдын негизги тамак ашынын жок болушу. Ал эми негизги тамак аш — бул, минималдык жашоо керектөөсү. Ал Кыргызстанда 4700 сомдун тегереги.

Бирок эсепти чыгарган Улуттук статистикалык комитет айлык кирешең 2700 сомдон төмөн карай кетсе, жакырлардын тизмесине киресиң дейт. Анда күнүнө 90 сомдон ашык акчаң болсо сен жакыр эмессиң.

Айына 1200 сомго жашасаң өтө жакыр болуп эсептелесиң.

«Ал адамдар тамактанууда, билим алууда, саламаттык сактоо мекемелерине кайрылууда чектелүү. Өнүгүү үчүн капиталы жок. Ошондой абалда жашаса Кыргызстан боюнча бир миллиондон ашык адам коомдук жашоого аралашуудан алыс. Алты миллион калкы бар кичинекей Кыргызстанда бир миллион адамдан ашыгы жакыр болгону — бул өтө курч маселе«, — деди Би-Би-Сиге БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Темишев.

Ошондо Кыргызстанда балдар кошулуп, айына 2700 сом таппаган бир миллион 400 миңден ашык киши жашайт. Ал эми 35 миңдей адам айына 1200 сом таппайт же өтө жакыр.

Жакырчылык жай төмөндөөдө

Кыргызстанда бийликтен сырткары жакырчылыкты жоюу максаты менен бир канча дүйнөлүк институттар, эл аралык уюмдар иштейт. Бирок 2000-жылдары Кыргызстанда жакырчылык 40 пайызды түзсө, 2009-жылга чейин кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болгон.

Андан бери билинер билинбес деңгээлде гана түшүүдө.

«Жакырчылыктын деңгээли акырын азайып келе жатат. Бирок менин жеке оюмда аны менен күрөшүү аракеттери, төмөндөө темпи жетишсиз. Биз бул маселени натыйжалуу чечип жатабыз деп айта албайбыз», — деди Темишев.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Кыргызстанда жакырчылык менен жумушсуздукту жоюу өкмөттүн негизги милдети экенин белгиледи.

Өкмөттүн беш жылдык өнүгүү программасында жакырчылыкты жылына бир пайыздан азайтуу боюнча каралган.

2017-жылы калктын 25 пайызы жакырчылыкта жашаган, 2018-жыл ал 22 болду. Анын 700 миңден ашыгы балдар.

Жакырчылыктан чыгууда күрөш кандай жүрүүдө?

Министр Улукбек Кочкоров өзү каражатты жакырчылыктын жыйынтыгы менен күрөшүүгө эмес, анын алдын ала турган иштерге салуу маанисин белгиледи.

«Тилекке каршы активдүү социалдык коргоого багытталган акча азыраак. Бюджетибиздин 99 пайызы социалдык коргоогонун пассивдүү чараларына кетет. Ал жөлөк пулдар. Ошондуктан азыр өкмөт башчы менен каржы министрине социалдык коргоонун активдүү чараларына көбүрөөк каражат берүү боюнча сунуштарды айтып жатабыз», — деди Би-Би-Сиге министр.

Өткөн жылдын эсеби боюнча, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын болжолдуу жети пайызы жумушсуз.

Министр элди жакырчылыктан чыгаруу үчүн жумуш орундары менен камсыз кыла турган долбоорлорду ишке ашыруу аракетин көрүп жатышканын кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова элдин жашоосу мындан он жыл мурдагыга салыштырганда жакшы деген пикирде.

«Статистиканы чыгарууда маселе бар деп ойлойм. Жумуш орундары менен камсыз кыла албай, өндүрүш жок болгону менен элдин колунда жеке менчик жерлер бар, жайыттар бар. Мындан он жыл мурда кыйналып жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары азыр чет жерден иштеп акча салып жатышат. Ата-энелеринин үйүн оңдоп, мал кылып, машина алып берип жатышат. Кыргызстанда өтө жакыр деген адам жокко эсе», — деди Нарматова Би-Би-Сиге.

Ал эми ар кандай уюмдардын жакырчылык менен күрөшүүгө бөлгөн каражаты канчалык туура жана натыйжалуу болуп жатат? Темишев эл гана баамдап, жооп бере алат дейт. Анын айтымында, жакыр деген үй-бүлө мамлекеттен көз карандысыз жашай баштаса демек, ал деңгээлден чыгып баратканынын көрсөткүчү.

Булак: Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.