Пенсияга «пил» сатып алса болот

Аналитика, Статьялар 18 Окт 2019 17:56
0 ой-пикир

Жазгүл Урмамбетова — Атайын Еlgezit.kg үчүн

Пенсия — бул иштеген жылдарың үчүн мамлекет тарабынан төлөнүүчү топтолмо акча каражаты. Башкача айтканда, биз мамлекетке иштегендигибиз үчүн төлөнгөн акчабызды кайра кайтарып алуу дегенди түшүндүрөт. Ооба, мамлекетке иштеп татыктуу пенсия алып, небере жыттап үйдө отурганга эмне жетсин…Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда баардыгы эле пенсия курагына жетпей, ар түрдүү себептерден улам пенсиясын көрбөй каза болушат.

Мамлекет алдында татыктуу кызмат өтөп, чын дили менен ишине берилип иштегендер, «ачылыш» жасагандар албетте, чоң өлчөмдөгү пенсия алаары бышык.

Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев ушул жылдын сентябрь айында парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 400 сом менен пенсияга чыккандар бар экенин маалымдаган. Мунун себеби — ал жарандардын бир жылдык стажы гана болгондугуна байланыштуу экенин белгилеген. Парламенттин бул жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Айсулуу Мамашова «9 киши 80 миң сомдон 100 миң сомго чейин пенсия алат экен. Кимдер экенин айта аласызбы?», — деп суроо салган.

«Фамилияларын айтканга укугум жок. Бирок чындыгында ушундай пенсия алгандар бар. Түшүндүрүү, тактоо иретинде айтып коеюн. Негизи булардын көбү персоналдык пенсионерлер, анан судьялар бар», — деди Медер Ирсалиев.

Ал бул пенсионерлер өздөрүнүн пенсиясына кошулган кошумча акчадан кийин аталган сумманы ала турганын да айткан.

Лунара Мамытова: «Мен саякаттап жүргөн пенсионерлерди билем»

Окурмандардын эсине салсак, мурдагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова ал кызматта иштеп турганда өзүнүн Инстаграм баракчасында 6-7 миң сом өлчөмүндөгү пенсияга дүйнө кыдырса болоорун жазганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Буга жооп издеп көргөндөр ал фамилияларды тактады.

Жети миң сом менен кантип дүйнө кыдырса болоорун айтышкан тараптар ал кезде элестете алган эмеспиз.

Көрсө, кептин төркүнү башкада жаткан экен. Мамлекеттик жетекчи катары ачык айта албаганбы же тергеп айтканбы, айтор дүйнөнүн баарын кыдырбаса да, коңшу өлкөлөргө эс алып келчү акча каражатына жетчүдөй пенсия алгандар деле бар экен. Алар кимдер деп ойлойсуңар?

Албетте, баягы эле чиновниктер экен. Айрым атка минерлердин алган пенсиялары канча экени боюнча маалыматтар чыкты. Анда азыркы “Бир бол” партиясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевдики бир жылдык пенсиясынын көлөмү 714 546 миң, айына 59 545 сом, мурдагы бажы кызматкери, учурдагы депутат Салайдин Айдаровдуку бир жылда 193 336 миң, айына 16 528 сом, депутат Искак Масалиев жылына 341 363 сом, айына 28 446 сом алаары айкын болгон.

Ооба, мындай пенсияларды учурда аскер кызматынын мурдагы кызматкерлери алаарын деле билебиз. Дегинкиси, ушул пенсиялар  менен эле жер кыдырбаса, 7 миң менен той кыдыра албайсың го дегибиз келип жатат деп жакында эле «Факт.kg» гезити жазып чыкты.

Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиевдин маалыматына караганда, 10 миңге жакын киши 2000 сомго чейин, 3000 сомго чейин 92 миң киши, 4000 сомго чейин 86 миң киши, 4000 миң сомдон жогору 56 миң киши пенсия алат. Өлкө боюнча жалпысынан 667 миң пенсия алуучу бар. Алардын ичинен майыптыгы боюнча 116 миң, жетимдер 39 миң адамды түзөт. Кыргызстанда орточо пенсия 5604 сом. Ал эми жарандардын бир айлык жашоо чыгымы 4283 сом деп эсептелген. 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну Кары Бараканов Советтер Союзунун спортчусу. Анын айлык пенсиясы 10 000 сомду чапчыйт. Ал учурунда Кыргызстандын спортуна чоң салымын кошкондордун бири. Кыргызстан боюнча өлкөгө эмгеги сиңген адамдар арбын. Бирок, ошолордун эмгеги сыйланып, бааланып, пенсия туура берилсе деген эле ой.

Эң эле төмөн пенсияны Кыргызстанда фермерлер менен стажы жетпегендер алып келишет.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январына карата 651 155 пенсионер бар экени такталган. Бул маалыматты бүгүн, 17-октябрда АКИpress агенттигине Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.Жалпы пенсионерлердин ичинен 438 156 адам — аял киши.
Пенсия алган жарандардын ичинен 9636 адам 2000 сомдон төмөн каражат алат. Өлкөдө 50 миң сомдон жогору пенсия алган жарандар да бар. Алардын жалпы саны 91 адам болсо, 20 пенсионер аял кишилер.

Эл аралык эмгек фондунун эсебинде, бир пенсинердин пенсиясы камсыздалыш үчүн үч эмгек курагындагы жаран төлөмдөрдү берип туруш керек. Кыргызстанда бир пенсионерге 1,2 иштеген жаран туура келет. Андыктан пенсия төлөөнүн келечегинен кооптонгондор бар.

Ал эми өкмөт өкүлдөрү реформалар аркылуу пенсия системасын жакшыртып турушу керек.

Пенсионерлер ордун бербей жүрүшөт

Мамлекет карылардын пенсиясын жыл сайын болбосо да ар 2 жыл сайын көтөргөнгө аракет жасайт. Пенсия 200-300 сомго көтөрүлүп жаткандыгы эч ким тана албайт. Бирок, мамлекетке иштебей, эмгеги сиңбегендер татыктуу пенсиядан ажырайт.

Таабалды Тиллаев, депутат: «Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 30-35 курагында эле пенсия ала башташат»

Учурда Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны — 667,3 миң адам. Алардын көпчүлүгү пенсия менен тиричилик кылгандары эч кимге деле жашыруун эмес. Ошол эле учурда пенсия да алып, иштеп жаткан пенсионерлер да бар. Жаштар аларга нааразычылыгын билдирип, «бизге качан орун бошотуп бересиңер» деген нааразычылыктарын айтып келишет. Уялгандар өздөрү эле орун бошотуп беришсе, көк беттери таяк таянып калгыча орундарын бергиси келбей жүрүшөт. Мындан улам жаштар мигрант катарында чет жактарга жумуш издеп, агылып жатышат. Ирсалиевдин маалыматына караганда, пенсияга чыккандардын 40 миң адам иштейт. Пенсионерлердин 90 пайызы мамлекеттик жумуштарда кызмат кылат. Депутат Таабалды Тиллаев пенсия алып ошол эле убакта иштеп жаткан пенсионерлердин алган айлыгын карап чыгууну Жогорку Кеңеште сунуш кылган. анын айтымында, укук коргоо органдарынын көпчүлүгү 30-35 жашында эле пенсияга чыгып, иштеп айлык маяна, пенсия да алышат деген.

Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурунда ал Социалдык фонддо иштеп жаткан кезинде реформаларды жүргүзө баштаган, азыр бул жаатта бардык пенсионерлерге бирдей шарттар каралышы керектигин айткан.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, адам 65 жашка чейин иштөөгө уруксат берилет. Андан кийин татыктуу пенсияга чыкса болот.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.