Атамбаевди темир торго олтургузган Батукаевдин ден-соолугу бүгүнкү күндө кандай? Адвокаттын жообу

Окуялар тизмеги, Өлкө 18 Окт 2019 17:26
0 ой-пикир

Бүгүн, 18-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин негизинде анын бир тууган эжеси Яха Батукаева суракка алынды. Сурак Орусиянын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн жана ага кыргызстандык тергөөчү да катышкан.

Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевке шилтеме берип «kyrgyz.new» сайты жазып чыкты. Юристтин айтымында Азиз Батукаевдин өзү суракка алынган жок.

“Яха Батукаева инисинин бошотулушуна кимдер көмөкчү болгонун так айтып берген эмес. Ал жөн гана оорулуу инисин абактан бошотуп, Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүүгө болгон күч аракетин жумшаганын гана айткан”, — дейт Жоошев.

Ошондой эле адвокат учурда Батукаевдин ден соолугу кандай акыбалда экени текшерилбегенин белгиледи.

“Батукаевден анализ алуу керек болчу, анын бүгүнкү күндө ден соолугу кандай болуп калганын аныктоо зарыл эле. Андан тышкары тергөөнүн көрсөтмөсү менен аны кылмыштын объекти катары суракка алуу керек. Ал Кыргызстандан чыгып кеткенин, абактан бошотулганын эмнеге байланыштыраарын билүү кажет. Бирок тергөө кызматтары буларды жасаган жок. Материалдарда кримтөбөл айыгып кетти деген далил жок. Алар жөн гана Батукаев ушул убакка чейин тирүү демек ден соолугу чың дегенге гана таянып жатышат”, — деп белгиледи жактоочу.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иште сотко чейин өндүрүш боюнча 19 шектелүүчүгө билдирүү берилген. 14 шектелүүчү менен тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлса, 5 шектелүүчү кызматташуудан баш тарткан.

Камакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга, башкача айтканда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деп шектелип жатат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.