Акыйкатчы Атамбаевдин ал-акыбалын сурап чыкты

Окуялар тизмеги, Өлкө 18 Окт 2019 16:42
0 ой-пикир

Акыйкатчы Токон Мамытов тиешелүү кызматкерлердин тобу менен чогуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде камалып олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен амандашып, ал-акыбалын сурап чыкты. Муну “Азаттык” радиосуна Мамытов өзү билдирди.

Жолугушуу учурунда мурунку өлкө башчысы ден соолугуна жана ага карата карата болгон мамиле боюнча даттанган эмес. Мындан сырткары, башка маалыматтарды бере албастыгын Акыйкатчы баса белгилеген.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин Атамбаев таануудан баш тартып, Конституциялык палатага кайрылган. Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан болчу.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти тергөө процессине күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган.

Натыйжада Атамбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда ал бир нече оор кылмышка байланыштуу шек саналууда. Алардын ичинен кримтөбөл Азиз Батукаевди качыруу боюнча сот жараяны башталды.

Бирок Атамбаев Конституциялык палата бул маселени бир жаңсыл кылып карап чечмейинче дагы эле сотко катышуудан баш тартууда.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтуусунда Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун 23-октябрда карайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.