ВИДЕО: Куурчакка үйлөнөм деген жаран

Видео, Окуялар тизмеги 17 Окт 2019 14:45
0 ой-пикир

Нур-Султан шаарынын жашоочусу Юрий Толочко резина куурчакка үйлөнө турганын жар салды. Айрымдары анын аялдардан көңүлү калганын айтып чыкса, кээ бирлери аны сынга алышууда. Бул тууралуу казактардын “Астана” телеканалынын сюжетинде айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, Толочко 34 жашта. Актёрдук чеберчилик жана режиссура боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

Аталган сюжетте Толочко өзүнүн резина сүйүктүүсүн кадимки айымдардан эч нерсеси кем эмес экендигин айтат. Анын Марго деген куурчак менен “мамиле” кылып келгенине жарым жыл болуп калыптыр.

Юрий Толочко Марго менен түнкү клубдарга, кино, кафелерге көп барат. Мурда мындай желим куурчактарга жакын мамиле кылгандардын арасында кореец улутундагылар басымдуулук кылып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.