Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуу унаасы токтоп турат

Аймак, Окуялар тизмеги 17 Окт 2019 11:40
0 ой-пикир

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуучу машина токтоп турат, абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

«Азыркы саатка карата «Ак-Тилек» бекетинде 50 чакты оор жүк ташуучу автоунаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Кыргыз-тараптан эч кандай чектөө жок. Кыргыз чек арачылары машинеде тыюу салынган каражат же зат жокпу, текшеришет», деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз-казак чек арасындагы башка бекеттерде жөө жүргүнчүлөрдүн же автоунаалардын топтолгону байкалбагандыгы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы чек арада жалпы 12 өткөрмө пункту бар, азыркы учурда анын сегизи иштейт. Калгандары кайра ачуу тууралуу макулдашуулар аткарыла элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.