Атамбаевден экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугу каралат

Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Окт 2019 12:31
0 ой-пикир

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун 23-октябрда карайт. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин Атамбаев таануудан баш тартып, Конституциялык палатага кайрылган.

Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан болчу.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган.

Бул окуялардан соң Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда ал бир нече оор кылмышка байланыштуу шек саналууда. Алардын ичинен кримтөбөл Азиз Батукаевди качыруу боюнча сот отуруму башталды.

Бирок Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан.

КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков айтуусу боюнча,  Жогорку Кеңештин депутаттары өз кызматынан аша чаап, мыйзам бузууга барышкан. Конституцияда мыйзам артка иштебейт деген принцип бузулган. Алмазбек Атамбаев 2 жыл мурун экс-президент макамын алган. Жаңы мыйзам өткөн окуяга кайрылып жатат, деп эсептейт юрист.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.