Айбек АКМАТОВ: «Кыргыз милициясы Батыш полициясынын деӊгээлине жетсе экен дейм»

Интервью, Статьялар 16 Окт 2019 11:55
0 ой-пикир

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата…

«Токоюн бойлоп баратсан, суктантып көздү караткан» айтылуу Талас жергесинде иш сапарда болуп, калкына кызмат өтөп келе жаткан кесиптештерибизден кабар алып кайттык. Бүгүнкү биздин маектешибиз –Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Акматов Айбек Нурсланбекович.

Айбек Акматов

-Айбек мырза, алгач кепти Талас шаарына мүнөздөмө берүү менен анын өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеӊиз.

-Талас шаары жети дубандын бири болгон Талас облусунун борбору. Облустагы административдик мекемелер, уюмдардын баары ушул борбордо жайгашкан. Акыркы статистикалык маалыматка таянсак, шаарда жашаган калктын саны 38700дү түзөт, бирок ички миграцияга байланыштуу болжол менен учурда жашап жаткан калктын саны 50-60 миӊге чейин жетет. Шаардын эли көп улуттуу. Талас шаары облустун борбору болуп эсептелгендиктен, башка аймактардан өзгөчөлүгү шаардагы коомдук жайларда элдин агымы көп. Атайын жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде бир эле мисал келтирейин, Талас шаарынын борбордук базарына бир күндө болжолу 15-18 миӊ адам жана 7000-8000 автоунаа келип кетет. Мунун баары Талас шаары боюнча ыкчам кырдаалга өз таасирин тийгизип келүүдө. Дагы бир айта кетчү нерсе, Талас облусу боюнча Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталган фактылардын үчтөн бир бөлүгүн биз тейлеген аймактагы окуялар жана фактылар түзөт.

-Быйыл кыргыз милициясы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесин белгилегени турат. Талас милициясы бул аралыкта кандай орчундуу окуяларды баштан кечирди?

-Кыргыз милициясынын тарыхында Талас шаардык милициясынын да өз орду бар. Талас милициясы баштан кечирген эӊ эле орчундуу окуялар эки төӊкөрүш деп ойлойм. Кыйын кырдаалда жалпы эле милиция кызматкерлеринин катарында биздин кызматкерлер да кызматтык милдеттерин аткарып турушкан.

-Эми жыл башынан бери аткарылган иштер тууралуу кыскача айта кетсеӊиз?

— Жаӊы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде маалыматтарды каттоо китебине жыл башынан бери алып карасак, жалпысынан 1213 маалымат катталган. Анын ичинен болжол менен 800ү кылмыш жана жорук делип, Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шаардагы эӊ көйгөйлүү маселе-уурулук, анын ичинен телефон уурдоо фактылары көйгөй жаратып келет. Биз мурда ар бир телефон уурдалган фактылардын үстүнөн иштөөдө уруксаттын негизинде ыкчам иштерди жүргүзө алчубуз, азыр жаӊы мыйзамдын негизинде келтирилген зыяндардын негизинде гана иш жүргүзө алабыз. Эгерде келтирилген зыян он миӊ сомдон ашса, биз анда ал фактыны кылмыш катары кабыл алабыз. Эгерде келтирилген зыян 10 миӊ сомго жетпесе, биз аны жорук катары каттап жатабыз. Мына ушул жорук катары катталган учурда телефон уурулуктун бетин ачуу кыйынчылыкты жаратып келүүдө.

-Телефон уурдоолор жорук катары катталган учурда бети ачылбай калып жаткан жокпу?

-Андай учурда башка ыкчам жолдор менен издеп, телефондорду таап келе жатабыз. Дагы бир айта кетчү жагдай, биз жанагы уурдалган телефондорду издеп, таап келген учурда, ал телефондор уурдалбай эле аны ээси жоготкон учурлар аныкталууда. Башкача айтканда телефонун жоготуп алган адам «баары бир милиция табат» деген таризде бизге келип «уурдаттым» деп арыз жазып жатат. Мунун баары, албетте, ашыкча түйшүк…

-Жаӊы мыйзамдар демекчи, жыл башынан бери милиция жаӊы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде иш жүргүзүп келе жатпайбы. Эмне кыйынчылыктар, көйгөйлөр жаралууда?

-Жаӊы мыйзамдар күчүнө киргенден баштап негизги жүктү тарткан биз болдук, тактап айтканда мыйзамды биринчи жолу иштеткен ар бир райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрү болду дээр элем. Бар көйгөйлөр, мисалы бир берене экинчи беренеге карама-каршы турган жерлер бар. Мыйзамдар күчүнө киргенден баштап аныкталган көйгөйлүү маселелер боюнча биз өз жетекчилигибизге, ИИМге кат жүзүндө кайрылганбыз. Дагы бир маселени айта кетейин. Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексиндеги анча оор эмес кылмыштарды жарашуунун негизинде кыскартса болот деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу айрым иштер кыскартылган болчу. Бирок көп узабай прокуратурадан ал иштер кайтып келди, себеби бул боюнча Жаза-процессуалдык кодексинде ал беренелер көрсөтүлбөй калыптыр. Ушундай мүчүлүштүктөр болуп жатат, андыктан бул боюнча сунуштарды берип жатабыз.

-Жаӊы мыйзамдарды, кодекстерди ишке киргизүүдө эӊ негизги көӊүл материалдык-техникалык жактан жабдуу маселесине бурулганын билебиз. Бул багытта Сиздерде кандай болууда?

-Жаӊы мыйзамдар менен иш алып барууда негизги жүк тергөөчүлөр менен дознавателдерге жүктөлүп жатканын баарыбыз билебиз. Андыктан биздин ар бир тергөөчүбүз атайын компьютер менен камсыз болгон, иштеп жатышат. Ага кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн камера, штатив, флешкалар менен камсыздалышкан. Аны менен бирге нөөмөт бөлүмүнө да толук жабдылган жаӊы компьютер коюлган.

-Кызматкерлердин кесиптик деӊгээлине кандай баа бересиз?

-Мен өзүм мурда Талас жергесинде бир топ иштеп, андан соӊ Сары Өзөн Чүйдө көп жылдар бою эмгектендим. Кайтып келсем көп жылдык тажрыйбасы бар кызматкерлер пенсияга кетип, кызматкерлердин сексен пайызы жаштар экен. Учурда жаш кызматкерлерди өзүм баш болуп окутуп, акыл насааттарыбызды айтып, тарбиялап келе жатабыз. Ал жаш кызматкерден бир нерсе сурагандан мурда аны үйрөтүш керек. Алардын ар бирине насаатчылар бекитилип, жумасына эки ирет жаӊы мыйзамдар боюнча атайын сабактар өтүлүп жатат. Негизи эле азыр кыргыз милициясы өткөөл мезгилде турабыз дейт элем, анткени азыр биз иш алып барып жаткан жаӊы мыйзамдар менен мурдагы мыйзамдардын айырмачылыгы өтө чоӊ. Жаӊы мыйзамдар менен иштөөнү жолго салып, бир нукка түшүп алсак, ишибиз өз жемишин берет деп ишенем.

-Ар бир жетекчи жаӊыдан ишке киришкенде кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизгенге аракет кылат эмеспи. Сиз ишти эмнеден баштадыӊыз эле?

-Мен жаӊыдан ишке киришкенде эле кызматкерлерге коррупцияга аралашпагыла деп эскертип, буйруктар менен тааныштырып, кол койдургам. Азыр иш өз нугунда жүрүп жатат. Элдин милицияга болгон ишеними кайдан жок болот? Милиция кызматкери кайрылган жаранды опузалап, бирдеме талап кылганынан жок болот…

-Күнүмдүк ишиӊизде таянган принциптериӊиз бардыр?

-Менин принцибим ар бир кызматкеримдин көйгөйүн уга билүү. Өзүӊүз билесиз, айлык маяна жетишпеген учурлар болот, иш күнүбүздүн убактысы чектелүү эмес. Кылмыш ишин ачамын деп жүрүп үйүнө өз убагында бара албай жүргөн кызматкерлер бар. Көп жерлерде иштеп жүрүп кызматкерлердин көйгөйлөрүн жатка билип калдым десем болот, андыктан ошол көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылып келем. Мен канчалык кызматкерлериме ыӊгайлуу шарт түзүп берсем, ошончолук алар ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасайт деп билем. Андан сырткары дагы бир принцибим: ар бир кызматкерге мыйзам чегинде эмгек өргүүсүндө болуп, белгиленген мөөнөттө толук эс алып келүүсүнө уруксат берем. Анткени жарым-жартылай эс алган кызматкердин кабагы ачылбай, иши чала болот. Ал эми толук түрдө эс алган кызматкер ишке көӊүлдүү кайтаарына мезгил күбө.

-Алдыдагы иш-пландарыӊыз кандай?

-Жаӊы каттоо тутумун толугу менен жүзөгө ашыруу, кызматкерлердин кесиптик деӊгээлин жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди тынбай улантуу, аларга шарт түзүп, Талас жергесиндеги тынчтыкты, бейпилдикти камсыздоо-биздин алдыдагы ой-максаттарыбыз. Дагы бир жекече ой планым короодогу чакан имаратты капиталдык оӊдоп түзөөдөн өткөрүп, коомдук коопсуздук кызматын ошол жакка көчүрсөм деген тилегим бар.

Ырысбүбү САГЫМБАЕВАатайын Еlgezit.kg үчүн

сүрөттөрү Данислан АСАМИДИНОВдуку

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.