Партияларга сереп, №1. Кимде кандай мүмкүнчүлүк бар?

Аналитика, Статьялар 15 Окт 2019 15:35
1 ой-пикир

Биз мурда жарыялагандай Elgezit.kg аналитикалык тобу “Партияларга сереп” аталышындагы атайын рубрикасында саясий партиялар тууралуу макалаларын жарыялап турмакчы.

Кириш сөз: 2019-жылдын октябрь айынын ортосу болуп калды, ал эми Ак үй келерки парламенттик шайлоо тууралуу өз позициясын дагы деле билдире элек. Кайсы партия бийликтики болору тууралуу маалыматтар жабык булактарда гана бар. Кээ бири бийликтин партиясы “Мекеним Кыргызстан” болот десе, экинчилери Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңешке “Биримдик” партиясы менен бирге барарын айтышууда.

Партиялар.

Парламенттеги партиялардан баштасак.

«КСДП»

Кыргызстандагы эски партиялардын бири жана мурдагы бийликтин сапарлашынын кийинки чакырылышка келүүсүнөн күмөн бар. Партия лидери темир тор артында, КСДП фракциясы формалдуу түрдө гана бар. Мындан сырткары, Юстиция министрлигинин тизмесинде партия жок, демек КСДП шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына КСДПнын тизмеси менен шайланып келген бир катар саясатчылар башка партияларга кетиши ыктымал. Бирок баарын эле партиялар кучак жайып тосуп алат деп айтуу кыйын. КСДПнын депутаты болбогон Жанар Акаевде мүмкүнчүлүк бар, ошондой эле Дастан Бекешев, Чыныбай Турсунбеков жана башка айрым депутаттар башка партиялар аркылуу тагдырын сынап көрүшсө, аларды катарына кабыл алууга даяр партиялар бар. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында КСДП 38 мандат алган.

«Республика – Ата Журт»

Бул партияга дагы 2015-жылдагыдай ийгилик жылмайбайт. Себеби мындай партия жок. “Ата Журт” шайлоого өз алдынча барары тууралуу 2017-жылы президенттик шайлоо алдында партия лидери Камчыбек Ташиев билдирген болчу. Ал “Ата-Журт” 2010-жылдагы ийгилигин кайталоого аракет кыларын айткан. Ал убакта партия парламенттик шайлоодо биринчи орунду алган болчу. Бирок амбициялар бул башка кеп, ал эми чындык башкача болуп калуусу толук мүмкүн. “Ата Журттун” мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айта турган болсок, азырынча аларда мүмкүнчүлүк өтө аз. “Республика” партиясы болсо өлкөнүн түндүгүндө күчтүү позицияны карманып кете алган жок, ал эми түштүктөгү шайлоочулары бөлүнүп кетери бышык. Ошондуктан алар болгон күчүн түндүктөн добуш алууга жумшашы мүмкүн.

“Ата Журтсуз” “Республиканын” мүмкүнчүлүктөрү “Ата Журттукундай” эле. Эгерде эки партия тең жаңы өнөктөштөрдү таап, тизмесине күчтүү саясатчыларды кошушпаса, анда эки партия тең парламентке келбей калышы ыктымал.

Анын үстүнө “Республика” дагы башка тоскоолдукка туш болушу мүмкүн. Дегенибиз, серепчилер Өмүрбек Бабанов 2020-жылы парламентке келүүнү максат кылбаганын айтышууда. Азырынча. Бирок ал тарабынан чечим кийинчерээк кабыл алынып, бардыгы укук коргоо органдары менен маселенин чечилишинен көз каранды болору айтылууда. Бабанов саясий карьерасын убактылуу токтото турушу да мүмкүн. Эгерде абал ушундай болсо партиясы жана партиялаштары эмне болорун алдын ала айтуу кыйын.

«Кыргызстан»

22-сентябрда партия съезд өткорүп, парламенттин келерки чакырылышына карата амбициялары тууралуу жар салышты. Аны өткөрүү үчүн формалдуу шылтоо партия лидеринин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн сентябрь айында аякташы болду. Бирок чын чынына келгенде “Кыргызстан” жана анын лидерлери өздөрү шайлоого даяр экенин көрсөтүп жана партияга карата башкалар дагы бүтүм чыгарышы керектигине ишара кылышты. Бир сөз менен айтканда, партия сунуштарды кабыл алууга даяр.

Кайрадан парламенттик партия болууга аталган партияда мүмкүнчүлүк чоң. Партияда каражат бар, жана Ак үйдөгү өздүк булактарыбыз билдиргендей, учурда бийликтин да колдоосуна ээ болушкан.

«Өнүгүү-Прогресс»

“Өнүгүү — Прогресс” эми өз алдынча пртия боло албай тургандай. Келерки шайлоого эч ким өз алдынча аттанбай турганы боюнча шыбыр кептер айтылууда. Ошондуктан азырынча партия өз күчү менен шайлоодон өтүп, мандатка ээ болот деп айтуу эрте. Бакыт Төрөбаев баш болгон партия мүчөлөрү партиянын атын гана алып, бирок заты башка партияга өтүп кетет дегендер да жок эмес. “Өнүгүү-Прогресс” азыртадан эле башка бир партия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп койгону тууралуу маалыматыбыз бар.

«Бир Бол»

Аткаминер-олигархтардын партиясы 2015-жылы 8,36% добушка ээ болуп, 12 мандат алган. Келерки шайлоо “Бир Бол” үчүн чоң сыноо болот, себеби мурдагы шайлоодогу жыйынтыктарына жетишкен күндө дагы партиянын парламентке өтүүсү кыйын болот. Партиянын парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү 50% — 50%. Бирок партияда кандай абал болбосун “атып жиберүүгө” жөндөмдүү адамдар чогулганын эске алганда партиянын форматы өзгөрүп, күтүлбөгөн өнөктөштөр табылары турган иш, ошондо гана алардын шайлоодон өтүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Убакыт көрсөтөт.

«Ата Мекен»

Кыргызстандагы тарыхы бай партиялардын бири. Партиянын каражат жагынан олуттуу көйгөйлөрү бар, ошондуктан азырынча “Ата Мекен” шайлоого өз алдынча барабы же мурдагыдай эле “Улуттар Биримдиги” менен биргеликтеби белгисиз. Бирок Өмүрбек Текебаев тажрыйбалуу саясатчы жана кырдаалды сезе билет. Айрым маалыматтарга ылайык, партиянын катары бир топ жашарат. Кыргыз парламентин “Ата Мекенсиз” элестетүү мүмкүн эмес деңизчи, бирок мандат үчүн болгон күрөштө 9% босогону эске алганда партияга жеңил болбойт.

Парламенттик көпчүлүккө негизги талапкерлер азырынча кадр сыртында. Бир катар жаңы партиялар мандат талашына катышууга даярданууда. Азыр парламентте отургандарга салыштырмалуу аларда мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Бул тууралуу сөз алдыда.

Партияларга сереп, №1. Кимде кандай мүмкүнчүлүк бар?” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Аноним

    Ата Мекенчилер кырдаалды колдоно билген,оз позиясы бар адамдардан куралган пария.Керек болсо шахматтагы ат журушун колдонушат

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.