“Дон Кихоттун балдары”. Бул маекти окуган соң Бишкектин “Тез жардам” кызматына болгон көз карашыңыз өзгөрөт

Интервью, Статьялар 14 Окт 2019 15:21
0 ой-пикир

Бишкектеги “Тез жардам” станциясынын Кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов социалдык тармактагы баракчасына жаңы подстанциялар ачылуу алдында турганын жана жаңы унаалар алынып келинери күтүлүп жатканын жазды. Ал “автоматташтыруу/санариптештирүү долбоору” алар күткөндөн дагы ийгиликтүү болгонун кошумчалады. Мындай оптимисттик көз карашты байкаган Elgezit.kg редакциясы “Тез жардам” кызматына барып, мекеменин башчысы Искендер Шаяхметов жана Кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы ЕгорБорисов менен маектешип келди.

Искендер Шаяхметов:

— Совет мезгилинде Москвада саламаттыкты сактоону уюштуруу менен алектенген Семашко институту (Н.А.Семашко атындагы коомдук саламаттыкты сактоо улуттук илимий-изилдөө институту-Elgezit.kg) бар болчу. Баардык нормативдик актылар, буйруктар алгач академиялык ыкма менен иштелип чыкчу. Семашко институтунун маалыматына ылайык, калктын “Тез жардамга” болгон муктаждыгын камсыз кылуу үчүн 10 миң кишиге 1 унаа деген эсеп иштелип чыккан. 10 миң адамга 1 унаа деген бул негиздердин негизи.

Мындай эсепти учурда Россия, Казакстан, Өзбекстан карманып келет. Кыргызстан гана четте калды. Бул абал качан пайда болду? “Тез жардам” кызматында мен 1981-жылдан тарта иштеп келем, санитардан баштап башкы дарыгерге чейин жеттим. 7 жыл дарылоо боюнча башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектендим. Ошондуктан ишти уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү – менин жолум.

Совет мезгилинде 540 миң калкы бар Фрунзе шаарында 60 “Тез жардам” бригадасы бар болчу. Үй-бүлөлүк медициналык борбор институтун киргизгенден кийин бригадаларды кыскартуу башталды. Тилекке каршы, биз ал учурда чет элдик эксперттерди оозубузду ачып угуп, алар эмне кеңеш берерин карап турчубуз.

Бизде “Тез жардам” жана кечиктирилгис медициналык жардам бар. Бул жөн гана сөз эмес. Тез – бул биринчи жана экинчи категориядагы тездикти талап кылат, башкача айтканда, жол кырсыктары. Ал да бөлүнөт. Мисалы, гипертониялык кризис болсо – бул кечиктирилгис абал, аны үй-бүлөлүк врачтар же линиялык бригада карайт. Ал абалды өз учурунда дарылап жетишпесең адам инсульт алышы мүмкүн. Башкача айтканда, бул тездикти талап кылган абал.

Тез жана кечиктирилгис жардам деп бөлүү аракети Совет мезгилинде да болгон. Тактап айтсам, Украина жана Ленинградда ушундай бөлүшкөн. Бул абдан кылдаттыкты талап кыла турган чек.

Жана чет элдик эксперттер тууралуу айтпадымбы, алар: “Силерге мынча “Тез жардам” бригадасынын кереги жок” дешкен. Чындыгында бул көп каражатты талап кылат. Ошондо шаардагы 60 бригаданы 22ге кыскартышкан.

Кагазда баары кооз

Бишкек кеңейип жатат. Тилекке каршы, кагазда баары кооз жазылган: үй-бүлөлүк медицина борборлору жабдуулары бар жеңил унаалар менен камсыз болушат, күндүзгү чакырууларды алар өздөрүнө алышат, ал эми “Тез жардам” кызматы шашылыш чакырууларга гана барат. Бирок иш жүзүндө мындай болгон жок.

Ички миграцияга байланыштуу “Тез жардам” көйгөйү пайда болду. Шаар аянты боюнча дагы, калкынын саны боюнча дагы өстү. Тилекке каршы, биз расмий маалыматтар боюнча иштеп, расмий маалыматтарга жараша каражат бөлүнөт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, расмий түрдө алганда Бишкекте 978 миң адам жашайт. Жыл сайын “Тез жардам” кызматы Бишкектин аймактык Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзөт. Ал бизди үй-бүлөлүк медициналык борборго катталган ар бир киши башына карата каржылайт. ҮБДТлардын маалыматына ылайык, 2019-жылга карата расмий түрдө каттоодо тургандардын саны – 1 миллион 48 миң. Каттоодо турбагандары канча дейсиз? Болжолдуу маалымат боюнча – 1 миллион 300 – 1 миллион 400. Мындай абал Алматыда (Казакстан) да бар, себеби шаардын айланасында жаңы конуштар көп.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, учурда буйрук боюнча 39 “Тез жардам” бригадасы күнү-түнү иштеп келишет. Айрым маалымат булактарында 163 деп жүрөт. Бул 6 саат иштеген бригадалардын саны. Эмгек кодексине ылайык, биз 6 саат иштешибиз керек. Төрткө бөлсөк 40,75. Расмий түрдө. Штаттык расписание боюнча “Тез жардам” кызматында 39 бригада бар, 38и иштейт. Бир педиатриялык бригада толук жабдылган эмес.

Бригадалар жетишпейт

Бишкек боюнча бизде 5 педиатриялык бригада иштейт. Шаар чоң, жаш. Совет мезгилинде 3 подстанция бар болчу. Учурда борбор 4 чоң секторго бөлүнгөн. Ар бир райондо подстанция бар. Бул калкка жардамды жакындатуу үчүн болгон аракет. Ошондой эле борбордук станция бар, ал жакта адистештирилген бригадалар шаарды толугу менен тейлейт. Өз учурунда ар бир подстанцияда 10дон бригада бар болчу. Алардын 8и – врач-фельдшердик бригадалар болсо экөө транспорттук. Эсептей келсек, бизге жок дегенде 120-130 бригада керек, бизде болсо болгону 38. Ошондуктан чакырууларга кечигип барып калабыз.

“Тез жардам” кызматында педиатриялык кызматтагыларга өтө оор, өзгөчө эпидемия болуп жаткан маалда суткасына 24-26 чакырууга барышат. Саат сайын чакыруулар болот. Жумуш оор болгондуктан көпчүлүгү кетип калышат. Бири кетсе оорчулук экинчилерине түшөт. Ошентип кайра баш-аягы жок абалга туш келебиз.

«Оорулууларга жараша акы төлөнбөйт»

Экинчи көйгөй – каржылоо, башкача айтканда, оорулууларга жараша акча төлөнбөйт. Баарынын ИННи бар (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери). Мисалы, бейтап Таласта же Баткенде катталган деп коелу, бирок Бишкекте жашайт. Ал эми ИНН боюнча акчалар (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан) ал катталган жакка кетет. Ошентип шаар каражаттан кол жууп калат. Акчалар адам катталган жерине эмес, жашаган жерине кетиши үчүн ID-карталарды жасоо идеясы болгон. Мисалы, Таласта катталган адам Бишкекте жашап, Бишкекке көрүнүп жатабы, ал келип картасын көрсөтөт, базадан анын номери табылат дагы Таластагы каражаттар Бишкекке которулат.

Бизде 978 миң адамга карата каржылоо болот, ал эми иш жүзүндө биз 1,2-1,3 миллино бейтаптарга кызмат көрсөтөбүз. Макул, 1 миллион 48 мин деп коелу, биздин келишимде ушундай сан жазылган.

Семашко институтунун эсеби боюнча санап көрсөк биз бир учурда 80 унаа сатып алышыбыз керек экен. Мындай унаалар А, В, С класс деп бөлүнөт. С классындагы унаалар өтө кымбат. Болжол менен 140-150 миң доллар турат. Унааларды алып, медициналык кызматкерлер менен камсыз кылуу үчүн 1 миллиард 200 миллион сом керек экен. Бул каражаттардын ичине унаанын баасы, маяна, дары-дармектер кирет.

Эки чоң көйгөй бар. Биринчиси – каражат. Мындай сумма мамлекетте жок. Бир эле мекемеге (“Тез жардам” кызматына) мынча каражат салуу мүмкүн эмес. Экинчи көйгөй – кадр маселеси. Тилекке каршы, эмнегедир “Тез жардам” кызматында иштөөнү абройлуу деп санашпайт. Бир жагынан алсак иштөө шарттары оор. Стресс, кышкысын ысыкта-суукта жүрөсүң.

«Калк агрессивдүү болуп калды»

Калктын агрессивдүү болуп жатканы дагы маанилүү роль ойнойт. Мен 17 жыл чакырууларга чыгып жүрдүм. Совет мезгилинде мындай жок болчу. Ал учурда ак халатчандарды сыйлап турушчу. Ал маалда деле агрессивдүү болгондор бар болчу, бирок азыркыдай көп кайталанчу эмес. Эки жыл мурун 1 жылда 18 жолу “Тез жардам” бригадасына кол салган учур катталган. “Тез жардам” кызматкерлери айлап ооруканада жатып калган учур болду. Бир врачтын жаагын сындырышса, экинчиси катуу сабалгандыктан нейротравма бөлүмүндө 1,5 ай жатты. Бул ишти мас абалындагы 3 кыз кылышкан!

Ошондой эле “Тез жардам” кызматындагы врачтардын айлыгынын аздыгы дагы чоң роль ойнойт. Мен өлкөнүн экономикалык абалын түшүнүп турам, бирок 8 жыл окуп 5 миң сом алуу деген кантип болсун. Бул врачтардын айлыгы. Ал эми фельдшерлер 3,5 жыл окуп, 4 миң 300 сом алышат. Бишкектин мэриясы жок болсо эмне кылмакпыз билбейм. Ал бизге абдан жакшы жардам берип келет. 3 жылдан бери врачтарга 4 миң сом, орто жана кичи кызматкерлерге 2,5 миң сом кошумча төлөп келишет. Элестетиңиз маяна 5 миң сом, анан мэрия 4 миң сом бөлөт. Анан чегерүүлөр менен колдоруна 8 миң сомдой алышат.

Дагы бир учур бар. 2011-жылы маянаны жогорулатканда иш стажына карата кошулчу акчаларды жоюп салышкан. Мурда 10 жыл “Тез жардам” кызматында иштеген адамдын эмгек акысына 70 пайыз кошулчу. Чакырууларга чыгуу боюнча төлөнчү акчаларды да алып салышкан дагы баардыгына тегиз 15% кошуп беришкен. Башкача айтканда, сиз келип бир күн иштедиңиз, ал эми мен 20 жыл, экөөбүзгө тең 15%. Ошондуктан кадрлар кетип калышат.

— Бир жылда канча киши жумуштан кетти?

— Сентябрь айында эле 29 кызматкер кетти. Учурда 84 врачтын оруну бош турат (2019-жылдын 1-октябрына карата). Биз Егор Борисов экөөбүз дагы “Тез жардамдан” кетип, кайра келгенбиз. Мен төрт жыл мурун кеткем. Ал учурда 50 врач жетишчү эмес. Бул өтө чоң көйгөй болчу. Кийинчерээк абал бир аз оңолгонсуду.

Кайсы жакка кетишет? Россияга, Казакстанга, Кыргызстандагы жеке клиникаларга. Бул көрүнүш күн санап өсүп келет. Мисалы, 2019-жылы бизге “Тез жардам” боюнча бюджеттик клиникалык ординатураны беришкен. 5 адамдан үчөө жазылышты. Келишпейт. Эн коркунучтуусу көптөгөн жаш врачтар жумушсуз отурушат. Айрымдары бир беткей тармактарды тандап алышкан — нейрохирург, уролог, гинеколог.

Бизге көбүнчө терапевттер керек. Биз медициналык жогорку окуу жайларда “Тез жардам” кызматынын врачы” деген адистикти калыбына келтиришибиз керек. Мен мисалы, көп сабактарды өттүм. Интернатураны эки этап менен өткөм. Биринчиси – ооруканада (жандандыруу, кардиология, уулануу, терапия, аллергология). Андан соң 6 айдан кийин экзамен берип, бригада менен чыга баштагам. Атайын бригадада бир ай иштегем – жандандыруу, кардиология, андан соң жалпы профилдик терапевттик бригадага жөнөтүшкөн. Анын жыйынтыгы менен баардык сабактар боюнча экзамен берчүмүн. Башкача айтканда, “Тез жардам” кызматынын врачы бул көп профилдүү врач болушу керек.

Ишке берилгендер жумуштан кетпейт десем болот. Мисалы, Егор Борисов бизде студент кезинен бери иштейт, кийин реаниматолог болду, кетип кайра эле келди. Ал бир аз эс алган соң: “Кел “Тез жардам” кызматынын ишин калыбына келтирели”- дедим. Ал иштеп жаткан жеринен азыркыга караганда 5 эсе көп айлык алып жатканына карабай кайра бизге келди. Мындай мисалдар да аз эмес.

— 210 орундан 84ү бош болсо кантип жетишип жатасыңар?

— Клиникалык ординаторлор менен ордун толуктайбыз. Ошондой эле ооруканаларда иштегендер да иштеп турушат. Медиктердин баары эле эки-үч жумушта иштешет. “Тез жардамда” бир сутка иштеп, андан соң өз жумуштарына кете беришет. Саламаттыкты сактоо министрлиги быйыл клиникалык ординаторлорду көп берди. Бирок алар сырттан келип иштегендер да, түшүнүп жатасыңарбы? Негизги иши бизде болсо алардан талап кыла алабыз, мамилеси да башкача болот дегендей.

“Тез жардам” кызматынын кардиологиялык кызматында азыр негизинен кардиология институтунун врач-кардиологдору иштеп келишет. Егор Борисовдун реанитаологдорунун бир бөлүгү 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө иштегендер. Тажрыйбалуу врачтар. Алар да кошумча акча таап жатат Бишкектеги жугуштуу оорулар боюнча ооруканадагы, Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы жандандыруу бөлүмү өтө күчтүү.

Егор Борисов:

— Бизде мугалимдер дагы эмгектенишет. Ошондой эле бизде “Тез жардам” кызматынын баардык кызматкерлери, жетекчилерден бери чакырууга чыгышат.

Искендер Шаяхметов:

—Башкы дарыгер болуп иштеп жүргөнүмдө 5 жыл жандандыруу бөлүмү менен чакырууларга чыгып жүрдүм. Бейтаптар: “башкы дарыгер өзү келиптир дешчү” (жылмайып).

— Канча жаңы подстанциялар курулат жана борбордун кайсы райондорунда?

Искендер Шаяхметов:

— Борбодук подстанция Исанов көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинде. Бул жакта адистештирилген бригадалар бар. 4 жандандыруу бригадасы, алардын бири балдар үчүн, ошондой эле акушердик-гинекологиялык бригада. Ушул эле жерде 6 кардиологиялык бригада бар (кардиология бөлүмү), психоневрологиялык кызмат да дал ушул жерде — үч неврологиялык жана эки психиатриялык бригадалар. Мурда ушул жерде педриатриялык подстанция бар болчу. Баардык жакка врач-реаниматолог, медайым-анестезист; врач-кардиолог, эки фельдшер; врач-невропатолог, бир фельдшер; врач-психиатр, фельдшер, эки санитар; врач акушер-гинеколог жана фельдшер-акушер барышат. Бул жерде адистештирилген 22 бригада бар.

Биринчи подстанция 7-апрель – Анкара (мурдагы Алма-Ата жана Горький көчөлөрү) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Экинчи подстанция “Манас” кинотеатрынын артында жайгашкан. Үчүнчү подстанция – Көлбаев көчөсүндө, бул №5-ҮДТнын жанында “Аламедин-1” жакта. Төртүнчү подстанция Жаш гвардия бульвары менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде.

Мурда кызмат көрсөтүү аймактары тең болчу. Тилекке каршы, имараттарга байланыштуу көйгөй бар болгондуктан аймактар өзгөргөн. Биринчи подстанция кичи райондордун баарын тейлейт. Алма-Ата көчөсүндөгү тыгын абдан тоскоол болот. Алма-Ата – Горький көчөсүнөн кичи райондорго 15-20 мүнөттө барышат.

Экинчи подстанцияны «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ала-Тоо» жана башка жаңы конуштарга жибергенге аргасызбыз. Ал жактарда эл көп. Төртүнчү подстанция «Жумушчулар шаарчасы», «Киркомстром», «Манас» авиа шаарчасы, «Кызыл-Аскер» райондорун тейлейт.

Жибек Жолу проспектисинен төмөн кеткен аймактарга кызмат көрсөтүү көйгөй жаратат. «Дордой» жана айланма жолдун ары жагы. Биз бул аймактарды үчүнчү жана төртүнчү подстанциялар менен тейлейбиз. Үчүнчү подстанциядан ал жактарга жетүү үчүн эле 40-50 мүнөт убакыт кетет. Бригадалар Алма-Ата көчөсү менен ылдый түшүп, андан соң айланма жолго түшүп анан жаңы конуштарга жетишет.

Жаңы подстанциялардын жайгашуусу

Искендер Шаяхметов:

— Биз төмөнкү аймакта (көйгөйлүү аймак) подстанция ачууну сунуштадык. Азыр мэрия бизге Орозбеков, 259 дарегинде жайгашкан «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын имаратынын жарымын бөлүп берди. Бул көчө аркылуу Чоң Чүй каналынан көпүрө ачышып, асфальтташты. Орозбеков көчөсү менен төмөн түшүштү, ал жактан Жаш Гвардия бульвары же Совет көчөсү менен төмөн түшсө болот. Бул бешинчи подстанция. Азыр каражат бөлүндү, долбоордун документи даяр. Бирок ишти баштардан мурда дагы көп баскычтан өтүү керек. Бул подстанция быйыл ачылбайт. Кадрлар жана унаалар жок.

Биринчи подстанцияда да көйгөй бар. Ал Эл аралык университеттин имаратында жайгашкан. “Көк-Жар” кичи районунда Момунов көчөсүндө ҮДТга деп салынган имарат бар, биз биринчи подстанцияны ошол жакка көчүрөлү деп жатабыз.

Алтынчы подстанция боюнча бизге ийгилик жылмайды. Катар мамлекетинин эл аралык кайрымдуулук фонду “Ак-Өргө” жаңы конушунда врачтык амбулатория куруп жатат. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы кандай көйгөй бар экенин сураганда бейтаптарга алыстан келип жатканыбызды айттым. Алар фондго байланышка чыгып, фонд подстанция курууга даяр экенин билдирген. Ал жакта 4 бригадага ылайык подстанция курулат, себеби ал жакта амбулатория бар жана калктын санын алганда 4 бригада жетишет.

Ал эми жетинчи подстанция тууралуу айтсам. Шаардык перинаталдык борбордо (№4-төрөт үйү) алар колдонбогон кир жуучу жай бар экен. Биз ал жакта пилоттук негизде көп профилдүү педиатриялык, кардиологиялык,инсулин бригадаларын ачалы деп жатабыз, алар шаардын баарын тейлешет. Төрөт үйүнүн айланасындагы кичи райондордо калк жыш жайгашкан. Алар кичи райондорго Жукеев-Пудовкин көчөсү менен чыгып Аалы Токомбаев көчөсү менен көтөрүлүшөт. 7 мүнөттө жетсе болот. Бул подстанцияда “Тез жардам” кызматынын 10 бригадасы иштемекчи.

Мунун эсебинен бизде бригадалардын кызмат көрсөтүү аймактары өзгөрөт. Картабыздан кенен маалымат алсаңар болот.

Ошентип биз “Тез жардамды” элге алда канча жакындатабыз. Чакырылган жерлерге тез жетебиз. Автоматташтыруунун негизинде биз кечигүүлөрдүн санын азайттык. Бирок 38 бригада менен биз калты тегиз тейлей албайбыз. Бул абдан аз. Биз алардын санын 69га жеткирип алсак жалпы 120-130 бригада иштеп калмак.

Былтыр мэрия 5 унаа сатып алган. Азыр тендер өткөн. Педиатрия бөлүмү үчүн “Лада” үлгүсүндөгү унааларды сатып алып жатабыз. Негизинен алар балдарды тейлешет. Азыркы унааларды болсо подстанцияларга бөлүштүрүп жатабыз, себеби Катар фонду унаа сатып берүүнү убада кылышты.

Бизде кадр маселеси курч. Биринчи кезекте бул көп профилдүү подстанция. Бул жерге кардиологдор, невропатологдор жана педиатрлар керек. Педиатрия кызматын 10 бригадага жеткирип алсак деген планыбыз бар. Бирок муну кантип ишке ашырабыз билбейм. Ал эми 5 бригада менен шаарды толук тейлей албайбыз. Совет мезгилинде педриатриялык 10 бригада болгон.

Фельдшерлер – биздин үмүтүбүз

Искендер Шаяхметов:

— Бригадалардын жетишсиздигин кантип чечкени жатабыз? Май айында биз Егор Борисов менен “Тез жардам” кызматы боюнча Санкт-Петербургда өткөн эл аралык конференцияга катыштык. Жалпы дүйнөлүк тенденция – адистештирилген бригадалардан бара-бара баш тартуу. №617-буйрукка ылайык, бригадаларды 2 фельдшерден түзсөк болот. Бул биринчи жол. Дагы бир жолу: мен КРнын Саламаттыкты сактоо министрине мындай дедим: “Жалпы практикадагы врачтарга квота бериңиз, келгиле, “Тез жардамды” колдойлу”. Бизге квота беришти. Адистештирилген бригада деген бул Советтер Союзунан калган түшүнүк. Жакшы деңизчи, бирок өтө кымбат турат. АКШда башкача принцип бар – оорулууну врачка, ал эми бизде врач оорулууга.

Бирок адистештирилген бригадаларды сактап калганга аракет кылабыз. Мындан сырткары, неврологиялык кызматты көбөйткөнгө аракет кылабыз, себеби инсульт алгандар өтө көп болуп жатат. Бизде азыр бул кызматтан үчөө бар, максатыбыз 5ке жеткирүү. Ошондой эле кардиологиялык кызматты дагы карап чыгыш керек. Алардын саны учурда 6, биз жок дегенде 10го жеткирсек деп жатабыз. Албетте, биринчи кезекте педиатриянын санын көбөйтөлү деп жатабыз. Ал жакта 6 бригада бар, беши иштейт, алардын санын жок дегенде 10го жеткирүү зарыл. Пеидатрларды кайдан алабыз билбейм. Биздин эсеп боюнча, 69 бригада болсо чакырууларга кечигүү болбойт болчу жана мамлекеттин каражатын да үнөмдөмөк.

Учурда кечигүү канча мүнөттү түзүп жатат?

Искендер Шаяхметов:

— 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгын алсак кечигүү 22,4% азайган (2018-жылдын ушул маалында 31% болчу). Диспетчердик пунктта автоматташтырылган системанын киргизилишинен кечигүүлөр азайды. Анда бригадалардын кайсы жакта жүргөнү так жана даана көрүнүп турат.

— Алардын кайда жүргөнүн билүү маанилүү беле?

Егор Борисов:

— Медициналык күчтөрдү туура бөлүштүрүү үчүн ким жана кайда жүргөнүн билүү жана чакырууну туура берүү өтө маанилүү. Мурда бригада чакырууга барган соң чалып, кайда экенин айтып турчу. Чакыруу келсе шаардын башка четине жөнөчү. Башкача айтканда, мурда ким биринчи ишин бүтсө кийинки чакырууга жөнөчү. Азыр автоматташтырылган системанын негизинде ким чакыруу түшкөн дарекке жакын болсо, жана бош болсо ошол барат.

— Бишкектин “Тез жардам” кызматындагы автоматташтырылган система тууралуу айтып берсеңиз.

Искендер Шаяхметов:

— Биз иштеп чыгуучу компанияга техникалык тапшырма даярдадык. Бишкек шаарынын мэриясы каржылады. Шардык кеңештин депутаттарына түшүндүрүп, иш натыйжа берерин далилдөө кыйын болду. Бактыга жараша, алар макул болушту. Ошол маалдагы вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеңешинин социалдык саясат боюнча комитети абдан жакшы жардам берди.

Мэрия бизге 20 миллион сом бөлүп берди. Алардын ичинен 8 миллион сом автоматташтырылган системаны иштеп чыгып, ишке киргизүүгө жумшалды, ал эми 12 миллион сом унааларды алууга. Бул жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган иш болду.

Егор Борисов:

— Чакыруу оператор кыздарга келип түшөт. Аны кабыл алып ал даяр суроолору бар бөлүктү толтурат, кайсы бригаданы бейтапка жиберүү керектигин система аныктап берет. Андан соң ал чакырууну жөнөтөт, ал чакыруулардын электрондук картасына түшөт.

Диспетчер дал ушул картаны карап туруп бригадаларды жөнөтөт. Бригадалардын тизмеси электрондук тизме түрүндө көрүнөт.

Ар бир бригаданын 2 смартфону бар – бири айдоочуда, экинчиси врачта. Диспетчер айдоочуга жайгашкан даректи жиберет, ал эми врачка чакыруунун картасын. Ошентип бейтапты эмне тынчсыздандырып жатканы, кандай даттануулары бар экени врачка белгилүү болот. Азыр иш алда канча тез болуп калды.

Сүрөттө бишкектин Тез медицина борборунун диспетчерлери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.