Атамбаев экинчи ирет камерадан чыгуудан баш тартты

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Окт 2019 17:14
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-октябрда Биринчи май райондук сотунда Атамбаев, Жолдубаева, Качкыналиев жана Раимжановдордун жазык иши боюнча алдын ала угуулар өтүп жатат .

Бирок, айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин келбегендигине байланыштуу отурум эртеңкиге жылдырылды.

Мурунку президенттин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтуусунда, мурдагы президент сотко барбай турганы боюнча арыз жазып берген.

Бирок, Атамбаевдин арызында сурануу бөлүгү жок болгондуктан Жазаларды аткаруу мамкызматынан сот мурдагы президентти сот залына алып келүүнү талап кылды.

Башкы прокуратуранын кылмыштык жана жарандык соттук өндүрүш башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев билдиргендей, мамлекеттик айыптоочу тарап айыпталуучу Атамбаевдин укуктарын тебелебестен, сотко Кылмыш – Жаза Кодексинин талаптарын келтирди.

Буга чейин ИИМден билдиришкендей, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүлөргө 19 билдирүү берилген. 14 шектүүлөр сот менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп беришкен.

Сот менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон шектүүлөр боюнча кылмыш иштин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иш 28 томду түзгөн. Жалпысынан 451 том.

Эске сала кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевди 2006-жылы Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн 16 жыл жана 8 айга эркинен ажыраткан.

2013-жылдын апрель айында «айыккыс дартка чалдыкты» деген негизде ал мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Ушул жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамиштов Азиз Батукаевди мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кылмыш иши кайра жанданганын бышыктап, тиешелүү адамдар суракка чакыртыла турганын айткан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевге анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматовго, мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага, мурдагы Баш прокурор Аида Саляновага жана Индира Жолдубаевага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго айып тагылган.

Андан сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да айып коюлган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 11-октябрда өтмөк, бирок 14-октябрга жылдырылган.

Соттук жыйындын жылдырылышына айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканы себеп болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.