Карызга баткан Кыргызстан: мамлекеттик карыз бир айда 15 млн.долларга өстү

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Окт 2019 12:26
0 ой-пикир

Соңку маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 15 миллион долларга көбөйгөнү байкалат.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 31-августка карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 469,22 миллион АКШ долларын түздү. Анын ичинен тышкы карыз — 3 миллиард 761,91 миллион доллар (262 миллиард 605,42 миллион сом), ички карыз — 707,32 миллион доллар (49 миллиард 375,31 миллион сом).

30-июлга карата берилген статистикада өлкөнүн жалпы карызы 4 миллиард 454 миллион долларды тузгөн болчу. Бул деген, бир айда мамлекеттик карыздын 15 миллион долларга көбөйгөнүн билдирет.

Финансы министрлигинин айтуусунда, Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйүп кеткен. Башкача айтканда, тышкы карыз 5,91 миллион долларга азайган, деген менен ички карыздын суммасы 20,8 миллион долларга жогорулаган.

Эстете кетсек, өлкөнүн жалпы карызы 4,5 миллиард долларды түзөт. Анын  ичинен эң көп карыз — 1,7 миллиард Кытайга таандык.

Сентябрь айында министрлик карызды кыскартуу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын билдирген.

Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытай тарап Кыргызстанды карызды төлөөгө кудурети жетет, абалы туруктуу, өлкө бересесинен кутула алат деп жооп бергендигин жарыялаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.