Батукаевдин иши. Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Окт 2019 16:28
0 ой-пикир

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 14-октябрга жылдырылды. Мындай чечимди 11-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирүүсүнө ылайык, соттук жыйындын жылдырылышына айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканы себеп болду.

«Алмазбек Шаршенович Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты. Алмазбек Атамбаев буга чейин эле «бул оюнда бийлик ага берген ролду аткарбайм» деп билдирген», — дейт Слесарев.

Мурдагы президенттин адвокатынын айтымында, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар: Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын башка макам менен сот иштеринде катышууда.

Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.