Кыргыз футбол командасы айып пул төлөп калабы?

Окуялар тизмеги 11 Окт 2019 13:55
0 ой-пикир

Кечээ, 10-октябрда Футбол боюнча улуттук курама команда 2022-жылы өтө турган Дүйнө жана 2023-жылкы Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма курамасы менен беттешип, 7:0 эсебинде утуп алды.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болгон.

Биринчи таймда Кыргызстандын футболчулары 5 гол киргизсе, экинчи таймда дагы 2 гол киргизишти.

Жарым коргоочу Эдгар Бернхард 2, Алимардон Шүкүров 2, Гүлжигит Алыкулов 1, Валерий Кичин 1, Бекжан Сагынбаев 1 гол киргизди.

Экинчи таймда футбол талаасына күйөрман чуркап чыккан, аны милиция кызматкерлери кармап калганга жетишпей калышкан.

Александр Крестиндин айтымында, күйөрмандын мындай кылыгы улуттук командага олуттуу маселе жаратышы мүмкүн. Кыргызстандын футбол федерациясы ири өлчөмдөгү айып-пул төлөшөт.

Күйөрман футбол талаасына чуркап чыккан учур

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.