Атамбаев сотко келген жок

Окуялар тизмеги 11 Окт 2019 12:23
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алгачкы соттук отурум жабык өттү.

Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тартканы үчүн отурумду 14-октябрь саат 14:00гө жылдырды. Бул тууралуу адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев бардык иштер Конституцияга жана мыйзамга каршы жасалган деп соттук процесстерге катышпайм деген баштапкы позициясын карманууда.

Жактоочу бүгүнкү отурумда мыйзам буузуга жол берилгенин кошумчалап өттү — сот анын жардамчысын чыгарып жиберген.

Отурумдан чыккан мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден сырткары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ЖАМКтын мурдагы башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиевге жана бир катар кызмат адамдарына кылмыш иши ачылган.

Салянова тергөө менен кызматташып жатканы белгилүү болгон.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Ошол эле күнү чартердик учак менен токтоосуз Чеченстанга чыгып кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана ичер суусу азайып калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок Батукаев азыр деле тирүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.