Тынар Курбаналиев — ооруканада. Окуянын чоо-жайы…

Окуялар тизмеги 10 Окт 2019 10:14
0 ой-пикир

Куудул Тынар Курбаналиев башынан жаракат алып, ооруканага түштү. Бул маалыматты куудул өзү Турмуш басылмасынын аймактык кабарчысына тастыктады.

Окуя кечээ, 8-октябрь күнү болгон. Өзүнүн айтымында, ал аламан улак тартышка катышып, жаракат алган.

«Кокустан аттын башы менин башыма тийип, кашымды жарып кетти. Азыр Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жатам. Жарылган кашымды тиктирдим. Абалым жакшы. Эртең, 10-октябрда буюрса ооруканадан чыгам», — деди Тынар Курбаналиев.

Маалым болгондой, куудул Сузак районунда болчу. Ал облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ошондой эле куудул жол кырсыгына кабылгандыгы айтылууда.

Өздүк булактар кабарлашкандай, Жалал-Абад шаарынын «Ай-Тамга» кафесине жакын жерде досу экөө бара жаткан «Матиз» унаасы ушундай үлгүдөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан улам эки унаанын тең эшиги жабылып калып, аны окуяга күбө болгондор ачышкан жана тез жардам кызматына кабар беришкен.

Окуя орун алган жерге ЖКККБнын кызматкерлери да келишкен.

«Эки тарап бири-бирин күнөөлөгөндөн улам ЖКККБнын кызматкерлери чакырылды», — деп билдирди окуяга күбө болгондордун бири.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.