«Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну» аталышындагы конференция өтөт

Окуялар тизмеги 10 Окт 2019 11:34
0 ой-пикир

Бүгүн 10-октябрда Бишкекте «Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну» аталышындагы конференция болот. Көркөм сөз зергери, улуу манасчы Каралаевдин туулгандыгынын 125 жылдык урматына уюштурулуп жаткан иш-чара Улуттук илимдер академиясында өтөт.

Манасчылардын жаңы муунунун өкүлдөрү өз чыгармачылыгын таптоодо Саякбай Каралаевден алган өрнөгү тууралуу ой-толгоосун ортого салышат.

Ар бир манасчы Каралаевдин айтуусундагы «Чоң казат» окуялары тууралуу баяндап, өз вариантындагы кошумча, алымчалары тууралуу кеп козгошот.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас, фольклор, акындар чыгармачылыгы» бөлүмүнүн базасында түзүлүп жаткан элдик оозеки чыгармаларды жана манасчылардын варианттарын жазып алуу лабораториясы тууралуу сөз болот.

Август айында Каралаевдин 125 жылдыгы Ысык-Көлдүн тескей жээгинде белгиленген. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 20 манасчы барып катышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.