Мас абалында адам өлтүргөн

Окуялар тизмеги 10 Окт 2019 11:22
0 ой-пикир

Балыкчы шаарында бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектелген жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-октябрда саат 08:00 чамасында ШИИБге тез жардам кызматынын кызматкерлери тарабынан билдирүү түшүп, көчөлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылганын билдиришкен. Билдирүү боюнча окуя болгон жерге тергөө оперативдүү тобу барып, эксперттер эркек киши уруп согуудан улам каза болгонун аныкташкан. Анын башы катуу нерсе менен соккондон улам жарылып кеткен. Далил буюм катары ошол жерден айнек бөтөлкө табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө өлтүрүлгөн адамдын өздүгү такталып, ал К.Таалай аттуу тургун экендиги аныкталган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Адам өлтүрүү) боюнча катталып, соттук медициналык экспертиза башталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Балыкчы ШИИБдин оперативдүү кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталган. Ал буга чейин соттолгон 37 жаштагы жергиликтүү тургун М.Данияр экендиги аныкталган. Ал күнөөсүн мойнуна алган.

Шектүүнүн айтымында, ал 7-октябрга караган түнү алар спирт ичимдигин ичип, мас болуп калышкан. Бир нече убакыттан кийин алар кайым айтыша кетип, андан соң мушташа кетишкен. Шектүү айнек бөтөлкө менен жабырлануучунун башына согуп жиберген. Ал эс-учун жоготуп жыгылганда шектүү окуя болгон жерден качып кеткен. Кармалган жаран ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.