Манас Ниязов уулду болду

Окуялар тизмеги 10 Окт 2019 13:20
0 ой-пикир

Көк бөрү боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын жана Ош облусунун «Достук» командасынын оюнчусу Манас Ниязов тун уулдуу болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга көк бөрүчү өзү билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ 9-октябрь күнү Манас Ниязовдун жубайы Өзгөн райондук төрөт үйүндө көз жарган.

Манас Ниязов 2018-жылы 12-декабрда Назира Сагынбек кызы менен баш кошкон. Эки жаштын тою Ош шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.