Карамушкина сүйлөп жатканда микрофонду өчүрүп коюшту

Окуялар тизмеги 10 Окт 2019 12:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Ирина Карамушкина (КСДП) Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү окуялар боюнча тергелип жаткан ишке нааразычылык билдирди.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова үй камагына алынган болчу.

Ирина Карамушкина: «Жогорку мыйзам чыгаруучу органдын эки депутатына карата Башкы прокуратуранын санкциясы боюнча сот үй камагына алуу чечимин чыгарды… Менин телефонумду алып коюшуп, 2 айдан бери берише элек. Кечээ тергөө соттон Кодурановага интернет колдонууга да тыюу салууну талап кылды. Биздин укуктук мамлекетте эмне болуп жатат?», — деди.

Ал президенттен аларды кабыл алып жана өлкөдө эмне болуп жатканын түшүндүрүүнү суранды. Карамушкина депутаттарга кайрылып: «Адамдын укугу бузулуп жатса кантип күчтүү парламент болобуз? ЖЭБди модернизациялоо жана башкалар силердин макулдугуңар менен жасалбады беле?», — деди.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева (КСДП): «Мен депутат эле эмес, эне дагымын. Көз алдымда каза болгон атайын багыттагы кызматкердин апасы Өктөм эженин, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун жубайынын, атасынын өзүнө келишин күткөн балдарынын көз жашы турат. Сот органдары Кой-Таштагы окуялар боюнча өз баасын берет деп эсептейм. Бардык катышуучулар чындыкты айтышы керек. Окуялардын баарына укуктук жана чыныгы баа берилет», — деди.

Кийинчерээк вице-спикер Аида Касымалиева Карамушкинага кайрылып: «Эгер сиздин телефонду алып коюшса, Өктөм эженин [Кой-Ташта ок тийип каза болгон атайын багыттагы аскердин апасы] уулу каза болду, аны өлтүрүштү, балдары атасыз калды. Самат Курманкулов өзүнө араң келип жатат», — деди.

«Сиз телефонуңуз тууралуу айтып жатасыз, ойлонуп көрүңүзчү. Эки жүздүүлүктүн чеги болуш керек», — деди Касымалиева.

Депутаттар жарыш сөздө ар кандай маселелерди көтөргөндөн кийин Карамушкина ортоңку микрофонго чыкты. Ал сүйлөп баштаганда төрага Дастанбек Жумабеков ал процедуралык маселе көтөрбөгөнүн айтып, микрофонду өчүрүп коюшту. Депутат залдан чыгып кетти.

Аида Касымалиева баары мыйзам алдында бирдей экенин кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.