ВИДЕО: Көк-Жар конушунда бала бакча өрттөнүп жатат

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Окт 2019 17:32
0 ой-пикир

Көк-Жар конушунда бала бакча өрттөнүп жатат. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттөнүп жаткан аймакта өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.

Күбөнүн айтымына караганда, балдардын бардыгын сыртка алып чыгышты, азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Көк-Жар калктуу конушунун Көк-Жар көчөсүндө жайгашкан бала-бакчанын аймагында көмөк чордондон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.