Аялын өлтүргөн адам кармалды

Окуялар тизмеги 10 Окт 2019 13:59
0 ой-пикир

Чүйдө 43 жаштагы киши жарандык никеде жашап жүргөн аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 43 жаштагы аялдын сөөгү ушул жылдын июль айынын аягында Аламүдүн районунун Ак-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен табылган. Анын денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, жашырышып жүргөн шектүү 9-октябрда колго түшкөн.

Бул факты  Жазык кодексиндеги “адам өлтүрүү” беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.