Саруу айылдык Кеңешке айым төрайым болуп шайланды

Окуялар тизмеги 09 Окт 2019 16:13
0 ой-пикир

Мындай чечим айылдык кеңештин 4-октябрдагы отурумунда кабыл алынды. Төрагалыкка Капарбек Узаков, Канат Иманалиев жана Айнура Оморова ат салышып, айылдык кеңештеги 21 депутаттын 12си Оморовага добуш беришкен.

22-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, айылдык кеңешке 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алууга жетиштүү добуш алды. Алардын ичинен 9у аял депутаттар.

Шайлоонун алдында Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомун Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Мыйзамга 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин күчүнө кирген.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.