Орозбек Дүйшеев: «Өкмөт унчукпайт!»

Окуялар тизмеги 09 Окт 2019 09:47
0 ой-пикир

Бүгүн 9-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы ири алтын кендери Кумтөр жана Жерүйдүн азыркы абалы, келечеги талкууланган жыйын болот. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди. Анын айтымында, Таластагы Жерүй кени боюнча адистер бир топ сунуштарды иштеп чыгып, өлкө жетекчилигине жөнөтүшкөн:

— Сунуштарыбызды бергенбиз. Бирок алигүнчө жооп жок. Президенттик аппарат өкмөттө дейт, өкмөт унчукпайт.

Быйыл август айында кыргыз өкмөтүнүн Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишими күчүнө кирген. Канадалык ишкана эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жарыялаган.

Ал эми Таластагы Жерүй кенинде 100 тоннага чукул алтын кору бар экени аныкталган. Аны иштетүү укугу 2015-жылы орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясына тийген.

Быйыл 1-октябрда жарандык коомдун өкүлдөрү бул кен инвесторго мамлекеттин үлүшү жок, арзанга берилип кеткен жагдайды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү өкмөттөн сураган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.