Сыйлык базарда сатылабы?

Аналитика, Статьялар 08 Окт 2019 17:07
0 ой-пикир

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Социалдык тармактарда билим берүү жаатында татыктуулар албай, эмгеги сиңе электер наам алганы айтылып, кызуу талкуу жаратууда. Айрымдары муну тааныш-билиш, тууган-туушкан менен байланыштырышууда. Бирок быйылкы наам алгандын арасында 23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызынын сыйлыгы министрге эч кандай тууганчылдыгы жок экенин Билим берүү министрлиги айтып чыкты.

Сыйлык алуу жакшы жөрөлгө эмеспи. Алыскы айылдарда агартуу тармагында иштегендер жылдап аталган сыйлыкты күтүп келгендер арбын. Жылуу сөз угуп ыраазы болуп, айлыгы аз болсо да бул кесипти көп жылдан бери аркалап жүргөндөргө таазим этебиз!

Албетте, көп эле мугалимдер «мен сыйлыкка татыктуумун» деп чыга албайт. Ошентсе да коллектив татыктуу адамды тандап бир добуш менен бир адамдын ысымын аташы керек. Демек, сыйлыкты алган адам сыйлыгы менен сыймыктана тургандай болуусу шарт. Иш жүзүндө андай болбой эле тескерисинче болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Бир жагынан сыйлыкты сатып деле алса болот турбайбы, анда үзүрлүү иштеп, маңдай териңди төгүп көп жыл иштештин кереги жок турбайбы деген ой басат.

Мугалимдик кесип ары түйшүктүү, ары татаал кесиптердин катарына кирет. Ар бир балага билимди жеткиликтүү берүү бул кесипкөй мугалимдин эле колунан келет. Бала менен сөз табышуу да оңой иш эмес. Социалдык педагогдордун айтымында, өспүрүм курактагы окуучулардын төрт жүзү бар: бирин алар өз үйүндө көрсөтсө, бирөөсүн курбуларынын арасында, экинчисин мектепте, үчүнчүсүн курбуларынын арасында, төртүнчүсүн кошуналарга, бешинчисин көчөдө көрсөтөт.

Көздүн майын алган кесип ээлеринин төрт жүзүнүн көзүнө бекер операция жасалары да жаңы келген министрдин биринчи жакшы кадамы болду десек аша чаап кетпейбиз. Бул мугалимдерге жаңы күч, жаңы дем берет.

Билим берүү тармагындагы 1-октябрдан тарта айлык көтөрүлгөнү дагы жакшы жаңылыктардын бири. Бирок, медалдын дагы бир жагы болот эмеспи, айлык көтөрүлгөнү менен мугалимдердин сааты азайтылып жатканын педагогдор айтып нааразы болушууда.

«Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында 3 жылдан бери эмгектенет.

Жогорку окуу жайда бюджеттик негизде билим алган Бактыгүл Жапар кызы аталган мектепке иштегени келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүнүн предмети боюнча шаарыбызда эң алдыңкы орунду ээлеген.

Бактыгүл Жапар кызы ким?

Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарындагы №50 мектептин жаш мугалими. 23 жаштагы география мугалими «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

«Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында 3 жылдан бери эмгектенет.

Жогорку окуу жайда бюджеттик негизде билим алган Бактыгүл Жапар кызы аталган мектепке иштегени келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүнүн предмети боюнча шаарыбызда эң алдыңкы орунду ээлеген.

«Аны менен катар 2018-2019 окуу жылында “Жаш мугалим-2019” кароо-сынагында баш байгени жеңип, башкармалыктын ардак грамотасы жана кубогу менен сыйланган. Бактыгүл Жапар кызы буга чейин Ош шаардык мэриясынын, шаардык кенештин, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары, Жогорку Кеңештин ыраазычылык каты менен да сыйланган. Бактыгүл Жапар кызынын Билим берүү жана илим министри К.А.Исаков менен эч кандай туугандык байланышы жок», — деп айтылат Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын берген маалыматында.

Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарындагы «Жыл мугалими-2019» жана «Жаш мугалим-2019» сынактарынын жеңүүчүсү.

“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгон 23 жаштагы жаш мугалим Бактыгүл Жапар кызы фейсбук баракчасына сыйлык тууралуу билдирүү жазды.

Аны сыйлык алганы коомчулукта чоң талкуу жаратып, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун тууганы деп чыккандар болгон. Кийин аталган министрлик бул боюнча түшүндүрмө берип, Исаковдун эч кандай тиешеси жок экендигин айтышкан.

Өзүнүн Фейсбук баракчасында сыйлыгы тууралуу Бактыгүл Жапар кызы төмөнкүлөрдү жазып чыкты:

“Урматтуу интернет айдыңындагы достор, кесиптештер, журналисттер!
Кечээ жакында эле болуп өткөн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган республикалык салтанаттуу жыйында “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланганым боюнча интернеттеги талкуу тууралуу оюмду билдирип коёюн деп чечтим.
Мен, Жапар кызы Бактыгүл Ош шаарындагы № 50 П. Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында география мугалими катары 3 жылдан бери эмгектенип келем. Бюджеттик негизде жогорку окуу жайын аяктагандыгыма байланыштуу келишим боюнча 3 жыл иштеп беришим керек жана андан кийин да педагогикалык ишмердүүлүгүмдү улантайын деген чоң максатым бар.
Мен мектепке келгенге чейин да жогорку окуу жайында кайсы бир деңгээлде ийгиликтерди жаратып, тийиштүү сыйлыктар берилип келген. Мектепке жаңыдан келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүмүн предметим боюнча шаарыбызда алдыңкы орунду ээлеп, грамота менен сыйлангам. Муну менен катар өткөн жылы уюштурулган мугалимдердин сынагында баш байгенин ээси болуп, башкармалыгыбыздын Ардак грамотасы жана кубок менен сыйлангам. Мунун менен катар Ош шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Ош шаардык Кенешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, Жогорку Кеңештин ыраазылык баракчасы менен да сыйлангам. Бирок ушул сыйлыктардын бирөөсүнө да өзүмдү сунуштап, тааныш салып, жүгүргөн эмесмин.
Фейк аккаунт же башка фейк маалымат булактары аркылуу интернетте жазылып аткандай жаңы дайындалган Билим берүү жана илим министри К. Исаков менен эч кандай тааныштыгым жок, болгону мен ал иштеп кеткен ОшМУда окуганмын. Ал менин “күнөөм” болбосо керек. К. Исаковду мен ректорубуз катары, ал эми учурда Билим берүү жана илим министри катары гана тааныйм. Сыйлыкты алууда жаштыгым тоскоол болсо, анда айла жок. А мен нормалдуу ойлонгон киши катары, өзүмдү бир да сыйлыкка сунуштаган эмесмин, сунушталып келемин, бардык сыйлык мен үчүн күтүүсүз болуп келген (аша чапсам кечирим сурайм, чындык ошол). Ишенимди мындан ары да актаганга бүт аракетимди жумшайм.
Негизгиси, баарын Кудай көрүп турат, кимдики чын, кимдики ырас…”, – деп жазган ал фейсбук баракчасына.

Ал министрдин тууганы эмес

Мугалимдер күнүнө карата Ош шаарында айрым билим берүү кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылган. 8 мугалимге Билим берүү министрлигинин ардак грамотасы тапшырылса, 8 мугалимге «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси ыйгарылган. Алардын ичинде шаардагы №50 орто мектептин 23 жаштагы мугалими Бактыгүл Жапар кызы төш белги менен сыйланган. Социалдык тармактарда жаш мугалим билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун тууганы деген пикирлер айтылууда.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы социалдык тармактын колдонуучуларынын айткандарын четке какты.

Ал эми жаш мугалим эмгектенген мектептин директору Жамал Убайдуллаева Бактыгүл Жапар кызын эмгек жамааты менен шаардык билим берүү башкармалыгына өздөрү сунуштаганын айтты.

«Мугалимдик кесипти аркалап баштаганыма 3 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыганда көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жетүүгө аракет кылдым. Эмгек текке кеткен жок. Ушул жакка келип, сыйлык алып жатканыма сыймыктанып жатам. Чынында, күткөн эмесмин. Оштогу «Жылдын мыкты мугалими» сынагын жеңгенде Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына ээ болгом. Эми «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тагындым. Азыр аябай толкунданып, мугалим болгонума дагы бир ирет сыймыктанып отурам», — деп сезимдери менен бөлүшкөн жаш мугалим.

«Өзүм Алайдын Корул айылында төрөлүп-өскөм. Мектептеги мугалимдеримен таасирленип, мугалим болгум келчү. Мектепте окуп жүргөндө географиядан олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алчумун. Сабак берген эжейимдин аты да Бактыгүл эле. Ошондон улам классташтарым да «Бактыгүл эже болосуңбу?» дешчү, «ооба» деп жүрүп, география мугалими болуп калдым.

Мектепти бүткөндөн кийин ОшМУнун география жана табият таануу факультетине тапшыргам. Окууну бюджеттик негизде бүткөндүктөн, №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясына 3 жыл иштеп берүүгө бөлүнгөм. Бул мектеп — алгачкы иштеген мектебим, кесиптештериме да жакын болуп калдым. Окуучулар менен тил табышып, өз предметимди жакшылап окутууга аракет кылам. Азыр заман талабына жараша жаңы ыкмаларды, жаңы технологияларды колдонуп сабак өтөм», — деген Бактыгүл.

Бактыгүл «Жыл мугалими» сынагына кантип катышып калганы тууралуу да айтып берген.

«Жаңы жумушка орношкондо бул сынакты көрүп, аябай катышкым келген. Бирок «стажым жок, окуучуларымды олимпиадага чыгарып, жыйынтык көрсөтөйүн» деп, катышкан жокмун. Кийинки жылы алдын-ала даярдана баштадым да, жетекчиликке «сынакка катышайын» деп сунуштадым. Мугалимдер колдошту. Өзүм аябай ниеттенип, аракет кылдым, күнү-түнү даярдандым. Бул — аракетибиздин жыйынтыгы деп ойлойм.

Окуучуларды олимпиадага даярдап, алар шаардык этапта байгелүү орундарга жетишти. Ош шаарында «Мугалимдердин диагностикалык аттестациясы» бар. Анда мугалимдер тест тапшырабыз. Өзүмдүн предметимди билүү боюнча алдыңкы ондуктун 2-сабында турам», — деген Бактыгүл Жапар кызы.

Жаңы дайындалган Билим берүү министри Каныбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунуна бул жагдай тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Каныбек Исаков: «Сыйлык берүү жобону өзгөртүү керек»

Анын айтымында, сыйлык берүү боюнча чечим кабыл алган комиссияга министрдин жеке тиешеси жок.

«5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата, бул тармакта эмгектенген 1000ге чукул адиске Ардак грамоталар жана «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыктары ыйгарылган. Ошол педагогдордун арасында 23 жаштагы мугалим кыздын сыйлык алганы катуу талкууга түштү. Аны менин тууганым деп да чыгышты. Чынында мен ал мугалимди тааныбайт экенмин. Негизи эле бул тармакта 25 жылдан бери иштеп келе жаткан адам катары бир да ирет тууган, досторума сыйлык же башка маселеде жардам берген эмесмин. Бул менин инсандык көз карашыма туура келбейт. Ал эми бул берилген сыйлыктар боюнча атайын комиссия иш алпарат. Алардын ишине министр киришпейт. 23 жаштагы мугалимге мыктылыкты берерде эмгек стажы эсепке алынбай калган, бирок жободо конкреттүү жасаган иштери болсо да ыйгарууга мүмкүн деп жазылып калган. Ал эми ал мугалим «Жылдын мыкты мугалими-2019″ наамын жеңип алган. Ушунун негизинде бул жаш мугалим сыйлыкка ээ болуп отурат. Мен 30-40 жыл иштеп, эч кандай сыйлык албай жүргөн мугалимдердин учурдагы абалын түшүнүп турам жана моралдык жактан туура эмес деп таап, алардан кечирим сурайм. Биз сыйлык берүү боюнча жобону өзгөртүшүбүз керек», — деди Исаков.

Министр аталган сыйлыктар мамлекеттик статуска ээ эместигин, жөн гана стимул берүүчү тармактык сыйлык болуп эсептелерин кошумчалады.

Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев бул жагдай боюнча пикрин төмөнкүчө билдирет:

«Качан картаят»- деп күтпөй талантты баалаш керек.
«23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызы «Билим берүүнүн отличниги»- деген наам алыптыр»- деп чуу түшүп жатышат. Жаңы эле болгон «Билим берүү министринин тууганы экен»- деп да чыгара салышты. Анысы ушак экен. Бактыгүл Жапар кызы тууралуу маалыматтарды окуп чыксам сыйлыкка татыктуу көрүнөт. Эгер ал маалыматтар туура болсо? 3 жыл катары менен республикалык денгээлде өткөн сынактарда баш байгеге татыктуу болуп келатыптыр. Демек мугалимдик кесипте өзгөчө таланты бар болсо керек. Сындап жазгандардын көбү «Андай сыйлык алуу үчүн жок дегенде мектепте 15 жыл иштебейби… Андан да картайгандар ала элек го…»- деген мааниде жазышууда.
Эгер чын эле Бактыгүлдүн мугалимдик туубаса таланты бар болсо аны «Качан картайгыча күтө тур»- дешпей сыйлашканы туура болгон. Мамлекеттик маанидеги сыйлыктарды берүүдө «Картайсын, эмгек стажысы баланча жыл болсун»- деген түшүнүк баягы коммунисттик доордон калган саркынды. Мындай түшүнүктөн арылуубуз керек. Чыныгы таланттарды, (эгер өзүн көрсөтсө) 20 жашта болсо да сыйлаш керек. Маселен Россия мындай түшүнүктөн эчак чыгып кеткен. Белгилүү артис М. Галкин 22 жашында «Россиянын эл артиси»- деген наам алган. «Картайсын»- деп күтүшкөн эмес. Мындан башка да мисалдарды келтирсек толо. Дүйнө жаңланууда. 23 жаштагы жигит дүйнөлүк маанидеги Новель сыйлыгына татыктуу болду. Пейилди кенен салып, жаштар мугалимдиктен качкан заманда колдоп койгула да.

Блогер Шүкүрбек Эркебаев жаш мугалимди колдоп, өзүнүн Фейсбук баракчасына жаш мугалимди коргоп чыкты.

Жаштар, Жаштар дейсиңер, жаштарды көтөрмөлөсө тепкилейсиңер!!!
Элибиз да саясатчылардай жүзү жок болуп калдыбы?

Биз мугалимдик кесипти аркалаган жаштарды колдоп,аларга ар кандай стимул берчү сыйлыктарды берип көтөрмөлөп, айлыктарын жогорулатып кармашыбыз керек. Себеби мектептерди карасаң бүт эле кары-картаңдар,жаш мугалимдер жокко эсе болуп калды.
Ушундай көйгөйдү билип, мыкты тактиканы колдонгон министрге бали демекчимин. Экинчиден, эл агартуунун отличнигин аз убакытта өзүнүн күчтүү мугалим экенин көргөзгөнү үчүн алган жаш кызыбызды куттуктап,сүйүнүшүбүз керек.
Сыйлыгың кут болсун жаш мугалим!!!

Сонунбү Ашимовна Кут болсун дейбиз аргасыз. Алар сыйлаптыр, а биздин колдон эмне келмек. Мен эки күндөн бери түшүнбөй келем кантип бул кыз 23 жашында, 3 жылдык стаж алды. ЖОЖды деле жок дегенде 4-5 жыл окуш керек да(айрыкча бюджеттик). Мектепти 18 жашта аяктаса, 4-5 жыл окуса, анан стажды кантип жасады? Мен ушуга таңмын. Же мен түшүнбөс жагдайлар барбы? Бирок мен каршы эмесмин, жаштарды колдоого ..
Мен билген бир агайым бар. Окуучулар жыл сайын областтык, республикалык оюндарда алдыңкы орунда келе жатат..Бул ийгиликтери он беш жылдан бери кайталанып келет..Же физрукдар каралбайбы сыйлыкка?, — деп жазган интернет колдонуучу.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов сыйлыгына нааразы болгондорго мындай деп жооп узаткан:

«Мага министрлик тарабынан берилген «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси боюнча коомчулукта ар кандай пикир жаралды. Кесибим, алган билимим агартуу тармагында. 2004-жылдан бери агартуу тармагында эле эмгектенбестен, жаштардын спортко болгон кызыгуусун да арттырып, аларды колдоп келем. Биз даярдаган жаштар республикалык жана эл аралык масштабда бир топ ийгиликтерди жаратты. Депутат болгондон бери көбүнчө билим берүү системасына тиешелүү маселелерди көтөрөм. Үч жыл аралыгында курулган мектептер, ремонттон өткөн окуу жайларында кандайдыр бир деӊгээлде үлүшүм бар экенин кесиптештерим, министрлик жакшы билет», — деп жазган Икрамов.

Эл өкүлү сыйлыкка аны Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитети көрсөткөнүн айтып, билим берүү тармагына кандай салым кошконун тизмектеп берген.

 Буга юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси мыйзамсыз берилгенин айтып, бул боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысына кат жолдогон.

Эл өкүлү сыйлыкка аны Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитети көрсөткөнүн айтып, билим берүүгө кандай салым кошконун тизмектеп кеткен.

Депутат ошондой эле алган сыйлыгы боюнча дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин да кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив

«Үч жыл аралыгында билим берүү системасындагы мыйзамдарды өзгөртүүдө жана толуктоодо менин аракеттериме баа берген Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитети атайын чечим чыгарып, ушул төш белгиге көрсөтүшкөн. Башкача айтканда, бул сунуш жана чечим меники эмес, комитеттики. Бул жерде эч кандай коомчулукту дүрбөлөңгө салчу маселе жок», — деген эл өкүлү.

Эске салсак, 2018-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алган. Өмүр баянында жазылгандай, ал 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими болуп иштеген.

P.S. Наам алгандардын баары эле ошол алган сыйлыгына татыктуу болсо гана, аттиң…Бирок азыркы заманда тымпыйып наам алып, ага «татыктуумун» дегендер да аз эмес. Бирок, эл тараза, эл сынчы кыргыз элибиз. Ошол алган сыйлык кут болсун, эл арасында майрамдарда сыймыктануу менен тагынып жүргөн кандай жакшы. Эгерде ага татыктуу болсо…

Ким татыктуу, ким татыксыз эл өзү эле таразалап, электен өткөрүп чечип коет эмеспи…

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.