Кыргыз тойлору ата мекендик саясаттын күзгүсүндөй

Аналитика, Статьялар 08 Окт 2019 10:58
0 ой-пикир

Семетей Аманбеков — Еlgezit.kg порталынын башкы редактору

ЖЫЛДЫН ҮЛПӨТ ТОЮ

Борбордогу ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев уулунун үлпөт тоюн өткөрдү. Салтанатка өлкөнүн саясатчыларынын баары келди: депутаттар, экс-аткаминерлер, бизнесмендер, дипломаттар.

Жаңы үй-бүлөнүн курулушу – бул жаштардын жаңы жашоого багыт алышы, адамзатынын тукумунун уланышы.

Өлкөдө саясий жашоо кайнап турганда “жогорку кызматтагы адамдардын” катышуусунда той өткөнү коомчулук тарабынан талкууга алынбай койбойт жана ар түркүн саясий боекторго бай болот. Анын үстүнө тойго көпчүлүгү саясий элитадан турган 700 киши чакырылган. “Пайдасы жок” деп аталган кыргыз тойлоруна салыштырсак, бул сандар ого эле көп. Бирок негизинен ар түрдүү көз караштагы саясатчылардын бир тойдо жолугушуусу өзгөчө көңүл чордонунда болду.

ТОЙДУН ЭЛҮҮ ТҮСҮ

Үлпөт тойдо эки саясий оппоненттин, Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун бир столдо орун алганынан баштайлы. Убагында Өмүрбек Бабанов фракциясы менен Жогорку Кеңештин төрагасы катары Текебаевдин шайланышына каршы чыкканын, ал эми Текебаев болсо өз кезегинде Бабановду премьер-министр кызматынан кетирүү демилгесин көтөрүп чыкканын эске сала кетели. Эми болсо бул эки каршылаш бир стол үстүндө жай гана сүйлөшүп, куттуктоо айтышып, чогу сүрөткө түшүп отурушат.

Ошондой эле элдин көңүлүн Раиса жана Кадыр Атамбаевдер бурду – экс-президенттин жубайы менен уулу. Бул абалга Кадыр Атамбаевдин Өмүрбек Текебаев жана Өмүрбек Бабанов же атасынын эски “достору” менен чогу сүрөткө түшкөнү дагы жаңы түс берди. Кеп баласы атасы үчүн жооп бербестигинде деле эмес деңизчи. Болгону Дача-Суудагы учактын кулашы боюнча Атамбаевдин күнөөсү бар экенин айткан Текебаевди Кадыр Атамбаев “акылынан айныган” деп сыпаттаганын эч ким унута элек болчу. Бирок Кадыр кийинчерээк кечирим сураган. Актануу кабыл алынган окшобойбу. Себеби Текебаев тойдо Кадырга: “Жаш кесиптешим, ката кылуудан коркпо, аларды оңдой бил” деген кеңешин айтты. Мындан улам Уинстон Черчилль: “Саясатта достор жана душмандар жок, кызыкчылыктар бар” деп туура айткан окшобойбу деген ой келди.

Сүрөттө: Өмүрбек Текебаев, Кадыр Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов

КОНОКТОР КИМДЕР?

Сыйлуу коноктордун катарын ата мекендик саясаттын туздары толуктады: Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Үсөн Сыдыков, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, вице-спикерлер Мирлан Бакиров жана Аида Касымалиева, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Зарыл Рысалиев, белгилүү дарыгер Сабыр Жумабеков жана Хаким Бебезов, Роза Айтматова (Чыңгыз Айтматовдун карындашы), Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев… тизмени улай берсек ого эле көп.

Демек, кыргыз тойлору салтанаттуу желектин астында ар түрдүү пикирдеги, көз караштагы, багыттагы саясатчылардын башын бириктирчү салт болуп калгандай.

Өмүрбек Бабанов Руслан Казакбаевге арнап “Мой друг” ырын аткарууда

Илгертен эле кыргыздар той-топур, өлүм-житим болгондо таарынычтар, капачылыктар тууралуу унутушкан. Азыр деле бул көрүнуш уланып келет – мындай иш-чараларда саясатчылар жай отуруп буга чейин чогулуп калган суроолоруна жооп алып, көйгөйлөрүн чечишип, кандайдыр бир келишимдерге келишүүдө. Мындай “убактылуу элдешүүнүн” жакшы жагы бар: позитивдүү тойдун шаңы менен саясатчылар элдешип, жолугушуп, бир чечимге келишүүдө…

Бирок медалдын эки бети бар – санариптешүү доорунда мунун баары коомчулукка чыгып, ар түрдүү ушактарга, божомолдорго жем таштоодо. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын көбү Текебаев-Бабанов-Атамбаев деген үчилтикти түзүү схемасын чийип коюшту.

ТОЙ ЫР-БИЙГЕ БАЙ БОЛДУ

Социалдык тармакта Раиса Атамбаева менен Кадыр Атамбаевдин тойдо жүргөнү кызуу талкууга алынды. Алардын күйөөсү жана атасы камакта отурганда алар ичип, жеп, көңүл ачып, бийлеп жүргөнүн сындагандар болбой койгон жок.

Бир четинен, Атамбаевдин үй-бүлөсү алар сынбаганын көргөзгүсү келсе керек деген ой келди. Абал канчалык оор экенине карабастан алар кадимкидей жашоосун улантып жатканын, керек болсо той-топурга да барышарын көрсөткүлөрү келгендей. Ал эми Кадыр болсо өлкөнүн саясий жашоосуна кадам таштаганын билдиргендей.

Экинчи жагынан караганда, Алмазбек Атамбаевдин тагдыры көңүл жылытарлык эмес экенин эске алуу керек. Кылмыш иши Раиса жана Сейитбек Атамбаевге да козголушу ыктымал. Тарапташтарынын жана досторунун абалы өтө олуттуу болууда. Бирок Атамбаевдердин үй-бүлөлүк иштерине аралашпай эле койгонубуз туура, себеби ар бир адам каалаган жагына барып, өз жашоосун улантууга акылуу эмеспи.

Бир гана эл туура эмес түшүнүп калбаса экен деген гана ой. Тарапташтар бири-бирин кекиртектен алып, ич ара душманга айланып, бири-бирин жек көрүп турушкан маалда алар ишенген адамдар бири-бири менен кучакташып түшкөн сүрөттөрдү көрүүдө. Азыр болсо баары аралашып калгандай, күрүчү кайда, күрмөгү кайда эр болсоң таап көр…

Эмне дейбиз, жаштарга сүйүү каалайбыз, бактылуу болушсун. Алардын үлпөт тою өздөрү, ата-энелери гана эмес башка белгилүү адамдар үчүн дагы жакшы саамалык болгону менен сыймыктанышса болчудай.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.