Аткаминерлердин маянасын жогорулатуу керек. Эмнеге?

Аналитика, Статьялар 07 Окт 2019 11:43
0 ой-пикир

Алмаз БАРАТОВ — атайын Elgezit.kg үчүн

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштөө, аткаминер болуу эмнеге абройлуу болуп саналат? Эмнеге көпчүлүк мамлекеттик кызматкер болууга ашыгат? Эгерде бул суроолорго жооп издей турган болсок анда өлкөдөгү жашоону жакшыртуу, мамлекетке кызмат кылуу, реформа жасоо, патриоттуулук деген жооптор эң акыркы орунда калат. Ошондой эле айлык үчүн дагы эмес. Себеби мамлекеттик кызматкерлердин маянасы өтө аз.

Аткаминер болуу эң сонун! Себеби кызматта отурганыңдын белгиси катары портфель көтөргөнүң коомчулукта бааланат. Портфель көтөргөн адам дароо сыйлуу болуп чыга келет. Кайдан-жайдан туугандар пайда болуп, тойлордо төргө отурат, аларды жакшылыктарга да көп чакырышат. Себеби биздин шартта аткаминер болуу – бул мүмкүнчүлүк.

Дүйшөнбек Зилалиев, Егор Скобеев, кыскасы кызматынан пайда табууну көздөгөндөрдү санай берсек тизме уланып кете берет. Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө саясат жана аткаминер – бул бизнес, карьералык өсүүгө багыт алуу.

Аткаминерлер канча маяна алат

Акыркы учурда КР Президентинин иш башкармалыгы журналисттерге аткаминерлердин жана депутаттардын эмгек акысы тууралуу маалыматтарды бербей калды. Алардын иш сапарына бөлүнчү каражаттар, күйүүчү майлар тууралуу малыматтар дагы азыр белгисиз. Коомчулукта нааразычылык туудурбоо үчүн мамаппаратты каржылоо тууралуу маалыматтарды чыгарбоону чечишсе керек. Себеби Кыргызстан боюнча орточо айлык катары саналган 16 миңге салыштырмалуу биздин элита алда канча көп маяна алат. Муну 2017-жылы берилген маалыматтан улам билсек болот. Мисалы, министрлердин маянасы 24 миң сомду түзөт. Бул эмгек стажын, наамдарын, мамлекеттик сыйлыктарын ж.б. кошпогондо. Баарын кошсок, анда 45 миң сомдон ашары бышык. Премьер-министрдин айлыгы 50 000 сомго жакын. Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 50 000 сомдон жогору алат. Мамкызматкерлердин орточо маянасы айына 300 долларга жакын.

Салыштырып көрсөк, коңшу Казакстанда министрлер айына миллион теңгеге жакын айлык алышат (бул болжол менен 180 миң сом же 2500 доллар). Бул сый акыларды ж.б. эске албаганда. Казакстандык министрлердин эмгек акысы Казакстандагы орточо маянадан 34 эсе, алардын орун басарларынын айлыгы 24 эсе жогору.

Россияда болсо мамлекеттик башкаруучулардын маянасы асман чапчыйт, россиялыктардын орточо эмгек акысынан 45 эсе жогору. Албетте, алардын арасында дагы “баатырлар” бар. Мисалы, Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина орточо маянадан 61 эсеге жогору айлык алат.

Аларда кандай?

Америкада Эл аралык эмгек уюмунун стандарттарына ылайык, мамкызматкерлердин маянасы эң төмөн эмгек акыдан 4-7 эсеге гана жогору. Баса, Трамп бир жылдык маянасынан же 400 миң доллардан баш тарктан. Ал бул кадамын өзү ансыз деле бай экени менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, Американын элитасы жылына орточо эсеп менен 150 миң доллар айлык алат. Вашингтондо Ак үйдө иштеген аткаминерлердин эмгек акысы жылына 41 миң доллар. Ал эми Америкадагы университеттеги профессордун кирешеси жылына 100 миңден 150 миң долларга чейин. Жаман эмес, туурабы? Мындай маяна биздин профессорлордун түшүнө да кирбесе керек. Ошондуктан Америкада билим бергендер студенттерден пара алуу тууралуу ойлонбойт дагы, ага муктаж дагы эмес.

Европада дагы маяна жаман эмес. Ангела Меркельдин банктагы эсебине айына 20 миң евро түшүп турат. Италиянын премьерине дагы болжол менен ушунча суммадагы маяна берилет. Ошондой эле Улуу Британиянын, Норвегиянын жана башка батыш өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин эмгек акылары дагы болжол менен ушул суммага барат.

Шамал тегирмендери менен күрөш

Биз Ак үйдүн 7-кабатына чейин жеткен коррупция менен күрөшүү керек деп төш кагып келебиз. Муну Аскар Акаевич дагы айтчу. Бирок коррупция маяна жогоруламайынча аткаминерлердин арасында болуп келген жана боло берет. Айлык жогоруласа “маселелерди акча менен чечүү” өз күчүн жоготот.

Коррупция менен эффективдүү күрөшү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын дагы жогорулатуу зарыл.

Башкаруу системасы эффективдүү болушу үчүн жана тажрыйбалуу кадрларды ишке тартуу үчүн дагы бул кадамга баруу шарт.

Балким бул үчүн Грузиядагы Михаил Саакашвилидей чет элдик өнөктөштөрдөн жардам сураш керек. Себеби кыргыз Өкмөтүндө маянаны жогорулатууга каражат жок.

Анын үстүнө көптөгөн саясатчылар — жарма патриоттор жана айрым жарандык активисттер мындай чечимди укса андан көрө мугалимдерди жана врачтардын айлыгын жогорулатуу керек деп чыгары бышык.

Алардын мындай кадамы кандайдыр бир деңгээлде туура болот. Мугалимдердин жана дарыгерлердин дагы эмгек акысын жогорулатуу зарыл. Тезинен. Муну айтпасак деле түшүнүктүү. Бирок маселенин баары башкада, алардын маянасын көбөйтүү мамлекетти башкаруу системасынын эффективдүүлүгүнөн, ресурстарынан, мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды.

Мамкызматкерлердин маянасын жогорулаткан соң алар куулук менен башка жактан акча “жеп”, байыш керек деп баш оорутушпайт, алар болгон күч-аракетин милдеттерин аткарууга жумшашат. Мындан сырткары, жаңы идеяга бай, татаал маселелерди чече билген кадрларды тартууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Балким башкаруу системасын реформа кылчу кадрлар келет дагы эффективдүүлүк жогорулайт. Демек, элдин жашоосу оңолот, Кыргызстан өнүгүп, жашоо жакшыра баштаган соң, мугалимдердин, врачтардын маянасы дагы жогорулап баштайт.

Албетте, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу менен гана өлкөдөгү баардык көйгөйлөрдү чечип коюу мүмкүн эмес. Бирок өлкөдө абал өзгөрүп, баланча аткаминер кармалды деген жаңылыктар азайышы үчүн бул кадамга баруубуз зарыл.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.